“Кадамжайда мамлекеттик кызматкерлерге социалдык түйүндөрдө кызматтык маанидеги маселелерди талкуулоого тыюу салынган”. Текшеребиз

“Кадамжайда мамлекеттик кызматкерлерге социалдык түйүндөрдө кызматтык маанидеги маселелерди талкуулоого тыюу салынган”. Текшеребиз

18-майда Фейсбук колдонуучусу Султанбек Аманбеков “Кадамжайда мамлекеттик кызматкерлерге социалдык түйүндөрдө кызматтык маанидеги маселелерди талкуулоого тыю салынды” деп жазып, жогорудагы катты жарыялады. Анда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Толкунбек Камбаровдун аты менен мекеме жетекчилерине, шаар мэрлерине жана айыл өкмөт башчыларына кат жазылган. 

“Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын райондун аймагында мамлекеттик мекеме ишканалардын жетекчилери, жооптуу кызматкерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана муниципалдык кызматкерлери ар кандай социалдык тармактарда кызматтык мүнөздөгү маселелерди социалдык байланыш түйүндөрүндө талкуулоого жана ачыкка чыгарууга тыюу салынганын эскертет”, — деп сүрөттөгү катта айтылат.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Биринчиден, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамда эмнелерге чектөө коюлганы жазылган. Бирок мыйзамда кызматтык мүнөздөгү маселелерди социалдык байланыш түйүндөрүндө талкуулоого жана ачыкка чыгарууга тыюу салынган эмес.

“Кадамжайда мамлекеттик кызматкерлерге социалдык түйүндөрдө кызматтык маанидеги маселелерди талкуулоого тыюу салынган”. Текшеребиз
“Кадамжайда мамлекеттик кызматкерлерге социалдык түйүндөрдө кызматтык маанидеги маселелерди талкуулоого тыюу салынган”. Текшеребиз

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Толкунбек Камбаров менен байланышканыбызда ал катта мындай сөздөр болбогонун айтты.

”Башында тыюу салына турганы эскертилет» деген кат даярдалган. Андан кийин мен тыюу сала албайбыз, ар кандай социалдык тармактарда кызматтык мүнөздөгү маселелерди талкуулоого жана ачыкка чыгарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууну эскертет деп жазгыла дегем. Биз тыюу сала албайбыз. Мамлекеттик кызматкерлердин жетекчилерине эскертүү катары эле кат жөнөтүлгөн. Ал жерде социалдык түйүндөрдө кызматтык маанидеги маселелерди талкуулагандан этияттасаңыздар деп жазылган. Адамдын эркиндиги деген бар да, биз антип тыюу сала албайбыз”, — деди Толкунбек Камбаров.

“Кадамжайда мамлекеттик кызматкерлерге социалдык түйүндөрдө кызматтык маанидеги маселелерди талкуулоого тыюу салынган”. Текшеребиз #58717
“Кадамжайда мамлекеттик кызматкерлерге социалдык түйүндөрдө кызматтык маанидеги маселелерди талкуулоого тыюу салынган”. Текшеребиз #58717 (preview)

Буга чейин жарандык активист Атай Бейшенбек уулу Бишкек шаарынын мэриясынын жогорудагы катын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Анда муниципалдык кызматкерлерге социалдык тармактарда бийликти сындаган, жамандаган билдирүүлөргө жактыруу белгисин басып, пикир калтырууга болбой турганы эскертилген.

Бишкек шаардык мэриясы бул боюнча түшүндүрмө берген. “Бул сунуштар шаардык кызматтарга так эмес маалыматтардын таркатылышынын алдын алуу максатында жөнөтүлгөн. Андан сырткары мыйзам муниципалдык кызматкерлерге жогору турган кызмат адамын же органды ачык сындоого тыюу салат. Эгер бул жобо сакталбаса ал кызматкерге жумуштан алууга чейин чара көрүлөт”, — деп жазылган түшүндүрмөдө.

Жыйынтык: “Кадамжайда мамлекеттик кызматкерлерге социалдык түйүндөрдө кызматтык маанидеги маселелерди талкуулоого тыюу салынды” деген маалымат боюнча, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Толкунбек Камбаров маалымат чындыкка дал келберин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты