Бишкек мэриясы кызматкерлерге соцтармакта бийликти сындоого тыюу салган кат боюнча түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы социалдык тармакта тарап жаткан «мэриянын кызматкерлерине бийликти сындаган билдирүүлөргө «лайк» басып, бөлүшүүгө тыюу салган» документ боюнча түшүндүрмө берди.

Анда бул документке мэриянын аппаратынын башчысы Азиз Садырбеков кол койгону, андагы шарттар сунуш катары гана берилгени айтылат.

“Бул сунуштар шаардык кызматтарга так эмес маалыматтардын таркатылышынын алдын алуу максатында жөнөтүлгөн. Андан сырткары мыйзам муниципалдык кызматкерлерге жогору турган кызмат адамын же органды ачык сындоого тыюу салат. Эгер бул жобо сакталбаса ал кызматкерге жумуштан алууга чейин чара көрүлөт”, — деп жазылган түшүндүрмөдө.

Жарандык активист Атай Бейшенбек уулу мэриянын жогорудагы катын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Анда муниципалдык кызматкерлерге социалдык тармактарда бийликти сындаган, жамандаган билдирүүлөргө жактыруу белгисин басып, пикир калтырууга болбой турганы эскертилген.

Бишкек мэриясы кызматкерлерге соцтармакта бийликти сындоого тыюу салган кат боюнча түшүндүрмө берди
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты