Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча дагы бир адам кармалды

  • 2 года мурун

Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгында суракка алынган өспүрүм бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

9-сентябрда Кадамжай райондук сотунун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип буга чейин 3 адам кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты