“Кабатыр болбогула, биз бул сыноону көтөрөбүз”. Клара Сооронкулованын абактан жазган каты   

  • 2 года мурун

Саясатчы Клара Соорнкулова Бишкек шаарындаы №1СИЗО, убактылуу абак жайынан тарапташтарына ыраазычылык билдирип, кат жолдоду.

-Урматтуу менин досторум жана замандаштарым! Бул катым аркылуу мен сиздерге мени, үй-бүлөмдү жана бүгүнкү күндө эркиндигинен ажыратылып жаткан жарандарды колдооңуздарга чексиз ыраазычылыгымды билдирем.  

Сиздер, анын ичинде мен жана Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетиндегилердин кимиси болбосун, мыйзамдуу, тынч жыйын өткөрүүдө кылмыштуу ойлорду көздөбөгөнүнөн шек санабай турганыңыздарга ишенем. Ал тургай, тынч жыйын өткөрүү сунушу дагы четке кагылган.

Сиздер кабатыр болбогула, тынчсызданбагыла, биз бул сыноону көтөрөбүз. Өлкө үчүн, анын эртеңки күнү, балдарыбыздын келечеги үчүн тынчызданып тургула,-деди Клара Сооронкулова.  

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылар жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Эки айга камалгандардын арасында Клара Сооронкулова да бар. Ал азыр №1СИЗОдо камакта жатат,

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Клара Сооронкулованын «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүнө берген маеги бул шилтемеде.

Сүрөт: «ПолитКлиника.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты