Күзүндө Навальныйдын мемуар түрүндөгү китеби чыгат

Алексей Навальный Орусиядагы оппозициялык ишмердүүлүгү тууралуу 2020-жылы Германияда жаза баштаган мемуары 2024-жылы күзүндө АКШда чыгат. Бул тууралуу The New York Times гезити Knopf басма үйүнө шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Навальныйдын «Патриот» аттуу китеби алгач 500 миң нуска менен 11 тилде, анын ичинде орус тилинде да басылып чыгат.

Оппозициячыл саясатчынын мемуарларында анын жаштыгы, үй-бүлөсү, саясий карьерасы, өзүнө жана жакындарына болгон кол салуулар жөнүндө баяндалат.

Knopf белгилегендей, китепти Навальный өзү жазып, айрым бөлүктөрүн тарапташтарына айтып берип жаздырган. Мемуардын көпчүлүк бөлүгүн саясатчы Германияда, «Новичок» менен ууландырылгандан кийин дарыланып жатканда жазган. Учурда анын жесири Юлия Навальная китепти бүтүрүп, басмага даярдоо менен алектенүүдө.

Навальнаянын айтымында, күйөөсүнө мемуар жазууну тарапташтары сунуштаган. Саясатчы алгач бул сунуштан баш тартып, бирок кийин китепти жазууга киришкен.

Навальныйдын өмүр баянын жазууга жардамдашкан басма сөз катчысы Кира Ярмыш оппозициячы китепти Орусияда түрмөдө отурганда жазып бүтүргөнүн билдирди.

Кремлдин негизги сынчысына айланган Навальный үч жыл мурда камалып, быйыл 16-февралда шарты катаал алыскы аймактагы абакта белгисиз жагдайда каза болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Навальныйдын тарапташтары аны «өлтүрүштү» деп эсептеп жатышат.

Навальный ууландырууга жана камакка алууга карбастан, саясий күрөштү кантип уланткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты