Көзөмөл-өткөрүү пунктундагы аскер кызматкерлери мыйзамсыз иштерге шектелүүдө

  • 4 дня мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чек ара кызматынын көзөмөл-өткөрүү пункттарынын (КПП) аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматынын 14-сентябрдагы маалыматы боюнча, 2-сентябрда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча, Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстанга мыйзамсыз кирген Өзбекстандын Р.С.А аттуу жараны кармалган.

Жалпы жарандык паспортунда Кыргыз Республикасына кирүү жөнүндө «Достук-автдорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун 2024-жылдын 2-сентябрына чейинки дата-штампы коюлганы аныкталган.

Тактап айтканда, Өзбекстан жараны  Р.С.А. Ош шаарына келээр учурда, ал өз кезегинде «Достук автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчысы Ж.Ж.У.нун ишенимине кирип, андан соң Кыргыз Республикасына кирүү үчүн, 1987-жылы туулган КР жараны И.Р.Кны ортомчу катары пайдаланып, 300 АКШ долларын жана «Ош-аэропорт» көзөмөл өткөрүү пунктундагы аскер кызматкери А.у.Кга өздүк паспортун берип, мөөр басууну (анын ичинде тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын маалымат базасына маалыматтарды киргизүүнү) суранган.

Мындан улам УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Өзбекстан жаранына карата КР кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иши козголуп, жогоруда аталган жаран тергөө абагына киргизилди.

Ошондой эле, көзөмөл-өткөрмө пунктунун аскер кызматкерлери А.у.К жана Ж.Ж.У.га байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык чараларды көрүү үчүн Ош гарнизонунун аскер прокуратурасына жиберилди.

Жогоруда аталган өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кызматкердин аброюна шек келтиргендиктен аскердик кызматтан бошотулду.

Көзөмөл-өткөрүү пунктундагы аскер кызматкерлери мыйзамсыз иштерге шектелүүдө
Көзөмөл-өткөрүү пунктундагы аскер кызматкерлери мыйзамсыз иштерге шектелүүдө

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты