Көлбаевдин кудасы делген Рустам Турдиев камалды
- 1 год мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өтүнүчү менен Рустам Турдиев 4-декабрга чейин камакка алынганын 9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Турдиевдин бөгөт чарасы 7-октябрда каралган. Аны камакка алуу тууралуу өтүнүч менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кайрылган, сот аны канааттандырды.
Чечимге ылайык, Турдиев атайын кызматтын тергөө абагында кармалат.
Интернеттеги айрым маалыматтарга караганда, кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу» беренесинин «Уюшкан топко катышуу» бөлүгүнүн негизинде шектелип жаткан Рустам Турдиев Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кудасы. Анын 23 жаштагы уулу Руслан эки жыл мурда Көлбаевдин кызы Эркеайымга үйлөнгөн.
УКМК 4-октябрда Бишкекте «кримтөбөл» аталган Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.
Кийин интернетте өзүн Көлбаевдин жесири деп тааныштырган келиндин видеосу чыккан. Ал үй-бүлөсүнө таандык айрым объектилерге мөөр басып, жаап кетип жатышканын, бирок анын баары банктан алынган насыяга салынганын, тастыктоочу документтери бар экенин, чет жакта эч кандай банк эсептери жоктугун айткан.
9-октябрда УКМК кошумча маалымат таратып, Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирди.
Мекеме 2008-жылдан бери Көлбаев «криминалдык империя» түзүп келгенин, кармалган адамдар анын жетекчилиги менен опузалоо жана рейдерлик аркылуу мүлк жана активдерди мыйзамдаштырып, башка да кылмыштарды жасап келишкенин, мыйзамсыз баюу жана саясатка кийлигишүү болгонун, ал таза иштеген ишкерлердин эсебинен өзүнө караштуу бизнес-структураларды түзүп жүргөнүн маалымдады.