Көк бөрү оюну боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталды

  • 2 недели мурун

Кечээ, 31-августта, көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган турнирдин финалдык оюндары жыйынтыкталды.

Кубок үчүн “Шахтёр” жана “Ак-Илбирс” командалары күч сынашты. Биринчи бөлүктө “Ак-Илбирс” эки салым салып үстөмдүк кылса, экинчи бөлүктө “Шахтёр” командасы эсепти теңдеп кетти.

Оюндун үчүнчү бөлүгү 3:3 эсеби менен аяктап, алтын салым үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Бакытбек уулу Кутман “Ак-Илбирске” жеңиш алып келди.

Ошону менен 1-орунду “Ак-Илбирс”, 2-орунду “Шахтёр” жана 3-орунду “Ысык-Ата” командалары ээледи.

28-августта, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында көк бөрү оюну боюнча президенттин кубогуна арналган турнир башталган.

Сүрөт: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты