Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү туннель курулууда

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу, Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү туннелдин курулушунун жүрүшүн көрдү.

Кыргызстандагы ири туннелдерден боло турган туннелдин 2991 метринде иштер бүткөрүлгөнү маалымдалды. Туннелди куруу боюнча иштер бир учурда эки тарабынан жүрүүдө. Бир тарабы түштүктөн, бир тарабы түндүктөн тешилүүдө. Туннелдин узундугу 3 800 метр, туурасы – 10 метр, бийиктиги – 8,5 метр.
Туннелдин 3800 метринин 3619у тешилди.
Мамлекет башчысы туннелди жана стратегиялык Түндүк-Түштүк автожолун куруу боюнча бардык иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун куруу долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ал заманбап жана эл аралык талаптарга жооп бериши керек.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты