Күчүктү класска алып кирген окуучуну тилдеген мугалим коомчулуктан кечирим сурады (видео)

  • 1 год мурун

Социалдык тармактарда мектепке күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимдин коомчулуктан кечирим сураган видеосу тарады.

Анда мугалим «эмоцияга алдырып, баланы тартипке чакыруу максатында урушканын» айткан.

«Мындай көрүнүштөр көп эле болуп келген. Ошондуктан баланы тартипке чакыруу максатында жакшы эле ойдо урушкам. Эмоцияга алдырганым үчүн коомчулуктан кечирим сурайм», — деген ал.

Буга чейин социалдык тармактарда класска күчүк алып келген баланы мектептен чыгарабыз деп урушуп жаткан мугалимдин видео тасмасы тараган. Видео тасмада мугалим окуучуну класска күчүк алып келгени үчүн мектептен чыгарабыз деп кыйкырып урушуп жатканы тартылган.  Окуучу күчүктү пакетке салып, кийим илгичке илип койгон.

Билим берүү жана илим министрлиги бул окуяга байланыштуу мугалимге катуу сөгүш, директор менен социалдык педагогго сөгүш берилгенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты