«Үй-бүлө мүчөлөрүмдү, жакындарымды камоо, куугунтуктоону токтотуңуз». Равшан Жээнбеков президентке кайрылды

  • 1 год мурун
«Үй-бүлө мүчөлөрүмдү, жакындарымды камоо, куугунтуктоону токтотуңуз». Равшан Жээнбеков президентке кайрылды


Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков
үй-бүлө мүчөлөрүн жана жакындарын куугунтуктоону токтотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

Саясатчынын кайрылуу катын «Арча Медиа» социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Садыр мырза, менин үй-бүлө мүчөлөрдү, жакындарымды куугунтуктоо, камоо үч жылдан бери уланууда. Баары камалык бүтүштү.

Саясий оппоненттериңизди куугунтуктоо бир, ал эми анын жакындарын куугунтуктоо бул эч убакта сизге кадыр-барк алып келбейт. Саясий маданиятка туура келбейт. Мындай көрүнүш Тажикстан менен Түркмөнстанда дагы жок.

Үй-бүлө мүчөлөрүмдү, жакындарымды камоо, куугунтуктоону токтотуңуз«, — деп айтылат катта.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева кечээ, 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.

Бишкектин Биринчи май райондук 26-майда Алимбаеваны эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Айыпталуучунун адвокаты Разак Ашимбаев ага коррупция боюнча айып коюлуп жатканын билдирген.

Салкынай Алимбаева сот залына кирип бара жатып өзүнө коюлган айыптарды четке какты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты