Израиль Газада ок атышууну токтотуу боюнча АКШнын сунушун колдоду

  • 4 недели мурун

Израиль ХАМАС радикал тобу барымтага алгандарды бошотсо, Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча АКШнын акыркы сунуштарын колдоду.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дүйшөмбү күнү Израиль өкмөтүнүн башчысы Биньямин Нетаньяху менен үч сааттык жолугушуудан кийин билдирди.

«Эми кезек ХАМАСка келди» деди. Ал Египет, Катар жана Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрүнүн ортомчулугу менен тараптар “чогулуп, процессти аягына чыгарышы керек” деп кошумчалады. Ошол эле маалда Блинкен АКШ жана ЕБ террордук деп тааныган ХАМАСтын суроо-сунуштары эске алынар-алынбасын так айткан жок.

АКШнын мамлекеттик катчысы жетишилген макулдашуулардын маңызын тактаган жок. Нетаньяху менен жолуккан соң дароо Катарга, андан соң Египетке барып сүйлөшүүлөрдү улантат.

Өткөн аптада Дохада өткөн ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдө АКШ компромисстик сунуш киргизген.

Жарашуу алты айга созулары күтүлүүдө. Анын алкагында ХАМАС барымтадагыларды бошотсо, анын ордуна Израил Газа тилкесинен аскерлерин чыгарып, палестиналык туткундарды азат кылат. Ошондой эле ок атышууну толук токтотуунун шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону камтыйт.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңге жеткенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС палестин тобунун саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты