Исмаил Исаков: «Ташиев кол койгон №39 протоколдун ачуу чындыгы»
- 3 года мурун
- Блог
28-январдагы Баткендеги конфликттен кийин Камчыбек Ташиев кол койгон №39 протокол боюнча кыргыз тарап, өзгөчө тажик тарап чындыкка дал келбеген пикирлерди, кээде этикалык нормалардан жана өтө эле “чектен чыккан” сөздөрдү биздин бийлик төбөлдөрүбүздүн дарегине “пулемёттун огундай” жаадырышкандыктын кесепетинен эки элдин бири бирине болгон жек көрүү сезимдери күндөн күнгө күч алууда.
Тажикстандын “Ворух Тажикстан” сайты 1924-1927-жылдардагы улуттук аймактарды бөлүштүрүү жана 1989-жылдагы паритеттик комиссиялардын документтерине шилтеме келтиришип, “Ворух, эч качан анклав болгон эмес”, “Ворухтун анклав эместигин” элине, бизге жана эл аралык коомчулукка сиңдирүү менен биздин президенттин өзгөчө, К. Ташиев мырзанын дарегине айтылбай турган сөздөрдүн, алардын жүргүзгөн маалымат “согушунун” болуп көрбөгөндөй аракеттерин, биздин коомдо, тажик бийлигинин маалыматтык “рупору” катары кабыл алып, кээ бир биздин сайттар дагы (жаңылыктар 24) этикалык нормадан чыккан жана түздөн-түз аскердик конфликтке алып келе турган анонстор менен жооп берүүдө. Мындай көрүнүштөргө жол берүү, аларды колдоо жана шыкактоо таптакыр мүмкүн эмес. Тескерисинче, дал ушулар согуштун чыгып кетишине реалдуу негиз болуп бериши мүмкүн.
1898-жылы АКШнын бир прессасынын магнаты Херст кол алдындагы журналистти чакырып: “Мынабу АКШ менен Испанияны ортосунда согуш башталган сүрөттү жарыя кыл”, — дейт. “Согуш баштала элек го”, — деп таң калып журналист сураса, “Жарыя кыл, башталат”, — деп, жооп берет Херст. Муну анекдот катары айтышкан менен атайлап жасалган провокация эки өлкөнүн дипломатиялык байланышын үзгөнгө негиз болуп берет.
Былтыр июнь айынын башында биздин бийликти колдогон сайттардын тажик президенти Рахмон мырзанын дарегине аны кемсинтип мазактаган сөздөрүн угуп, ошол учурдагы президенттин кеңешчиси Равшан Сабировго атайын жолугуп “Ай иним, башка өлкөлөрдүн президенттерин мазактап, кемсинткен сөздөрдү айткан туура эмес…, президентке айтып ошолорду тыйып койбойсуңарбы, ушинтип тиги тараптын президентинин дарегине жаман сөздөрдү айтып отурсаңар кантип алар менен нормалдуу сүйлөшө аласыңар? Кандай болгон күндө дагы ал, коңшу элдин президенти жана тажик элинин лидери. Сый-урмат менен мамиле кылбайсыңарбы”, — деп акыл насаатымды айтканча, чек ара маселесин чечүү жолдору боюнча дагы сунуштарым менен бөлүштүм эле. Ал, рахматын айтып, президентке сөзсүз жеткирерин убадалаган болчу. Тилекке каршы, маалымат согушу токтомоктон, аскердик конфликке чейин жетип, кайрадан маалымат “согушу” күчөгөнүнө “аттиң” деп, бийлик өкүлдөрүнүн көрөгөчсүздүгүнө жана жеңил-желпи ойлошуп, мыйзамдаштырылган эл аралык келишимдердин негизинде гана сүйлөшүү процесстерин жүргүзбөй, өздөрү кол койгон документтердин түпкү маанисине түшүнбөгөндөрүнө өкүнөсүң.
28-январда Баткен облусунда К. Ташиев менен анын коллегасы С. Ятимов журналистке жооп берип жатып, С. Ятимов “…укуктук талаада… 1924-1927 жылдардагы жана 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын алкагында иш алып баруу зарыл…кол койгон протоколдорду аткарбаса ушундай конфликтке алып келет”, — деп, “Ворух Тажикстан” каналында айтылган 1924-1927 жана 1989-жылдардагы комиссиялардын документтерине басым жасап, конфликттин башында өздөрү турганын “ачыктап”, эгерде протоколду аткарбасаңар дагы “чыр” чыгарабыз деген таризде айтканы, бизге коңгуроо кагып, сөөмөйүн кезегендей эле болду. Анысы аз келгенсип, Душанбеде Тажикстандын башкы прокурору биздин аскерлерге каршы кылмыш ишин козгогонун жарыялоо менен күнөөнү биз тарапка оодарганга үлгүрүштү. Тилекке каршы, К. Ташиев “Урматтуу коллега, андай эме-е-е-с, мында-а-ай…” деп, кыргыз тараптын аргументин далил менен айткандын ордуна аны менен макул болгондой, мурункудай “пары жок” сүйлөгөнү “баарыбызды таң калтырды”. Ал эми биздин тергөө органдарыбыз конфликттин чыгышына түздөн-түз себепкер болгон алардын канча жарандарына жана канча аскер кызматчыларына кылмыш ишин козгоо боюнча так жана ачык маалыматтарды бербегендиги коомдо ар кандай пикирди жаратты.
Биздин Кабинет Министрдин сайтынын 1-майдагы расмий билдирүүсүндө “… Стороны договорились от погранчиный точки №43 до погранчный точки № 61 и от точки № 135 до точки № 141 использовать документы и материалы национально- территориального размежевание 1924-1927 годов и паритетной комиссии 1989 года… В целях беспрепятственного передвижения граждан и грузов РТ совместно построит дорогу и таджикская сторона будет использовать и содержать автомобильную дорогу “Ходжаи Аъло-Ворух …” деп, жазылып турат.
Ошол эле учурда К. Ташиев Ак-Татыр айылында эл менен жолушканда “… 1-майда, жолду биз курабыз, деп, жазганбыз…” деген сөзүн айтып, тиги тараптын “ооздорун ачтырды”. Анын, билдирүүдө жазылгандан башкача айтканы эки ача пикирди жаратып, коомдун башын маң кылды.
28.01 Баткенде болгон конфликтти, 31.01 Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети, ал эми 3.02 Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында, жабык эшик артында карашып, биринчисинин жыйынтыгы боюнча Ж. Акаев маалымат берип, “Ворухка эч качан коридор берилбейт, ал үчүн келишимдер түзүлүшү керек, президент кол коюш керек…”деп, К. Ташиев кол койгон протокол менен аткаруу бийлигигин билдирүүсүндө жазылгандарга карама-каршы сөзүн айтып, коомдун бир катмарынын “ур токмогуна” дуушар болгондон кийин, “Азаттык” радиосунда сүйлөп, мурунку айткан сөзүн оңдоо максаттабы айтор, бир топ саясатчыларды жана журналистерди элди дүрбөлөтпөгөнгө чакырганы менен комитеттин төрагасы катары “конфликтин чыккан түйүнүн жана протокол жөнүндө бир да сөз айта алган жок”.
Ал эми, экинчисиндеги жалпы жыйында, Жогорку Кеңештин депутаттары маселени терең иликтешпей, анын маңызын түшүнүшпөй бизди күнөөлөп жаткан тараптын парламентинин депутаттарына конкреттүү фактылар менен далилдеген кайрылууну жөнөткөндүн ордуна эч бир жыйынтык бербей турган, кайрылуу жасоо менен чектелишти. Конфликтин түйүнүн тактап, анын чечүү жолдорун аткаруу бийлигине көрсөтүп, протокол боюнча конкреттүү сунуштарды киргизип, чек арадагы аймактын бүтүндүгүн жана кол тийбестигин бузгандардын жана себепкерлердин жоопкерчиликтерин кароону тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырууга кудуреттери жетпеди.
Эгерде маани берип, тажик тараптын айткандарын кунт коюп уксак, алардын бийлик жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү “бир муштумдай болушуп”, 1924-1927 жана 1989—жылдардагы комиссиялардын материалдары менен документтерине басым жасагандарын баамдайбыз. Алар, ошол документтерге шилтемелеп, “Ворух эч качан анклав болгон эмес” деген сөздү жапа тырмак айтышып, аны дүйнөлүк коомго сиңдирүү максатта бирдиктүү иш алып бараткандарына “оп бали” дейсиң.
Ал эми бизчи? Биздин телеканалдар жана сайттар аларга жооп катары: “Жок! Андай эмес! Мынабу документтердин негизинде Ворух 1924-жылдан тартып анклав болгон!!!” СССР учурунда Москва, Ташкент, Самарканд, Бухара жана башка Союздун аймагынын ичиндеги шаар, кыштак, айылдар… дагы баарыбыздыкы болуп, билинген эмес!
Ворухтун анклав экендигин 1990, 1991, 1992, 1994 жана 1996-жылдары Ходженттен чыккан мамлекет башчылары К.Махкамов менен Р. Набиев андан кийин Э. Рахмон мырза президент катары эл аралык келишимдерге кол коюп, Ворухтун анклав экендигин жана Кыргызстандын бүгүнкү аймагын таанып, чек араны бузбоого кепилдик алган деп айтып чыктыбы? Чыккан жок. Анысы аз келгенсип аны айта турган саясатчыларды жана журналистерди кайрадан душмандай көрсөтүп, же “оозуңду жаап, сүйлөбө” деген саясатты жүрүзүү менен тажик туугандарга аргументүү жооп бергендин ордуна, болбогон “фактыларды” көтөрүп, өзүбүздүн ичибизден душман издеп, ушактар менен алек болуп, алардын чырагына май тамызуу менен эл аралык коомго маскара болуп жатканыбызга не дейсиң?
Эң кызыгы, 2021-жылдын 6–майында жарыялаган биздин өкмөттүн расмий билдирүүсүндө “… от пограничной точки 43 до пограничной точки 61 и от п. точки 135 до п. точки 141 использовать документы и материалы национально размежевания 1924-1927 годов и паритетной комиссии 1989 года”деп , тажиктердин бийлик өкүлдөрү жана алардын массалык маалымат каражаттары айткан сөздөрүн биздин бийлик кайталап, тастыктап ошол жылдардагы материалдар менен документтердин негизинде иштөөгө макул экендигин өзүнүн билдирүүсүндө жазып, колдорун коюп алышып, өзүбүздүн элдин алдында башкача сүйлөп, кайрадан эки тараптын тең нааразычылыктарын күчөтүп жаткандарына түшүнүп болобу? Таптакыр болбойт! Мүмкүн да эмес.
Биздин аткаруу бийлигинин билдирүүсүндө жана протоколдо көрсөтүлгөн комиссиялардын материалдарына жана документтерине таянуу эмнени билдирет? Кол койгон мамлекеттик кызматчылар же жалпы эле бийлик өкүлдөрү мунун түбүн өздөрү түшүнүштүбү? Мен ойлойм, түшүнүшкөн жок. Жогорудагы көрсөтүлгөн жылдардагы комиссиялардын материалдарына таянуу, Ворухтун анклав эместигин расмий түрдө моюнга алгандыгын билдирет. Эгерде жогоруда айтылган билдирүүнүн жана протоколдун негизинде келишим түзүлүп Жогорку Кеңештен ратификация болуп калса анда, тажик тарап, ошол келишимдерге таянып келечекте маселени мыйзам чегинде кабыргасынан коюп, жолдордун бойлоруна үйлөрдү салдыртып, Лейлекти эле эмес Баткен районунун башка айылдарын дагы анклавка айлантышып, ата-бабаларыбыз кылымдар бою сактап, бизге мурас катары таштап кеткен жерлерден элибиздин өз ыктыярлары менен чыгып кетүүсүнө пайдубал түзүп беришет. Мына протоколдун маңызы деп ушуну айтсак жаңылышпайбыз. Мына 39-протоколдун ачуу чындыгы. Мындай аракетти тажик тарап Ташиевке чейин көп жолу жасашкан. 2015-жылга чейин биз парламентте депутат катары ушул маселенин кураторлору болгон вице-премьерлерге туура эместигин баса белгилеп, туура жолун көрсөтүп, парламенттин катуу көзмөмөлүндө болгондуктан, алар ошол жолдон баш тартышып, мыйзамдуу келишимдердин алкагында иш алып барышкан. Аны Жогорку Кеңештин архивинен көрсө болот.
Паритеттик комиссия бир эле 1989-жылы эле иштебестен ага чейин 1958-1959 жана 1986-1987-жылдары дагы иштешкен. Бул паритеттик комиссиялардын жыйынтыктары дагы 1924-1927-жылдардагы улуттук аймактарды бөлүштүрүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын жыйынтыктарындай эле эки тарап каршы болгондуктан Союз тарабынан бекитилген эмес. Ошондуктан, анын документтери дагы, катардагы комиссиялардын материалдарындай эле калган. Азыркы тил менен айтканда мыйзамдаштырылган эмес. Демек, жогорудагы жылдардагы комиссиялардын материалдарына таянуу бир жагынан улуттун кызыкчылыгына жана жооп бербейт жана туура эмес, экинчи жагынан ратификацияланган эл аралык келишимдерге шайкеш келбейт дагы чоң жаңжалдын чыгышына шарт түзүп берүүчү жана туңгуюктун жолу.
1924-1927-жылдардакы улуттук аймактарды бөлүштүрүү комиссиясы Исфара тарап боюнча бир сөз менен айтканда, кызуу талкуудан жана талаштан кийин 1927-жылы 3-майда биздин кызыкчылыгыбызга чечет. Өзбек тараптын каршылыгынан кийин, эртеси кайра алар тарапка чечет (анда Тажикстан-Өзбекстандын курамында болчу) ага макул болбогон кыргыз тарап каршы пикирин айтып талаш кызый баштаганда, Союз бийлиги талашты ырбатбай аны убактылуу басуу менен кийин кайрылып келүү үчүн, үч жыл ичи бул маселеге кайрылбоого мараторий коюшат. Жыйынтыгында бул маселе аягына чейин чечилбей, “илинген” бойдон калат.
Ошентип, баардык комиссиялардын материлдары жана документтери эки тарап тең макул болбогондуктарына байланыштуу Союздун жогорку бийлиги тарабынан бекитилбей, тагыраак айтканда мыйзамдаштырылбай ошол бойдон калат. Ошого карабастан Союздук Республикалар ээлеген же жайгашкан аймактарынын чек араларын өздөрүнүн конституцияларын нормалары менен бекитишип, Союздун алкагында уруш талашы жок, чарбалык иштерди совхоз, колхоздору аркылуу жүргүзүшүп, аймактарынын чек араларын административдик чек ара катары таанышып, Союздун жана өздөрүнүн карталарында белгиленип калат.
1990-жылы 26-ноябрда “СССР менен федерация субьектеринин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жөнүндө” СССРдин мыйзамы кабыл алынат. Анын 1-беренесинде “Союздук Республикалар — эгемендүү советтик социалистик мамлекеттер” деп, республикалар эгемендүү мамлекет катары статус алат. Ал эми, республикалар ортосундагы мурунку административдик чек аралар, мамлекеттик чек ара статусуна ээ болот. Ошону менен бирге алар, ошол учурда жайгашкан аймактарынын чек араларын танышып, аны “Союздук республиканын макулдугу жок өзгөртүүгө жатпайт…” деп, биринчи жолу азыркы жайгашкан аймактарынын чек аралары мыйзамдаштырылат.
1991-жылы 8-декабрда Белоруссияда Беловежская пущада (Минск) Белоруссиянын Жогорку Советинин төрагасы С. Шушкевич жана Россия менен Украинанын президенттери Б.Ельцин, Л. Кравчук “КМШны түзүү” боюнча 14 беренеден турган келишимге кол коюшат. Ал келишимдин 5-беренесинде “Стороны признают и уважает территориальную целостность друг друга и неприкосновенность существующих границ в рамках содружества” деп ошол учурда өлкөлөр ээлеген чек араны таанынуу жана кол тийбестигин урматтоону бекитишет.
21–декабрда Алма-Атада жогорудагы келишимге кошумча Азербайджан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Таджикстан, Туркменстан, Өзбекстан жана Украина бирдей укукта КМШны түзүү боюнча протоколду кабыл алышып, ал протокол КМШны түзүү боюнча келишимдин составдык бөлүгү болуп саналат деп кол коюшат. Ушул протоколдун алкагында декларация кабыл алынып, (Алма-Ата декларациясы) Минскиде кабыл алган декларациядагыдай чек ара маселеси боюнча алган милдеттенмелерин тастыктап, Союз тарагандагы ээлеген аймакты жана ошол учурдагы чек араны бузбоого кепилдик алышат. Кийин, декларация өлкөлөрдүн паламенттери аркылуу ратификациядан өтөт.
1992-жылдын 14-февралында Минск шаарында Минск декларациясы кабыл алынат. Анда өлкөлөрдүн ошол учурда ээлеген аймактарынын бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин камсыз кылуу үчүн, КМШнын алкагында алынган эл аралык милдеттенмелерин бекем аткарганга кепилдик беришет. Бул декларацияны дагы бардык өлкөлөр ратификациялайт.
1994-жылы 15-апрелде Москвада Эгемендүүлүктү, аймактын бүтүндүгүн жана чек аранын кол тийбестигин сактоо боюнча өзүнчө декларация кабыл алынат. Бул декларацияда аймактардын бүтүндүгүн сактоону, чек аралардын кол тийбестигин камсыз кылууну, өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн сыйлоону жана бирөөнүн эсебинен аймактарды басып албоо менен өлкөлөрдүн аянттарын бөлбөө боюнча милдеттенме алышат. Ошону менен бирге бирөөнүн аймагын күч менен басып алуу таптакыр таанылбастыгын белгилешип, алган милдеттенмелерин кынтыксыз түрдө аткарууларын камсыз кылууну бекитишет. Бул декларация дагы ратификациядан өтөт. Декларациялардын маанилүү жагдайлары эмнеде? Маанилүү жагдайы, биринде дагы Тажик тараптын чек ара боюнча Кыргызстанга кандайдыр бир дооматы же өзүнчө чек ара боюнча чече турган маселеси бар экендиги көрсөтүлбөгөндүгү жана жазылбагандыгы.
Андан башка Тажикстан менен 1996-жылы 12-июлда Душанбе шаарында “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы негизги мамлекеттик катнаштар жөнүндө” келишим кабыл алынат. Анын 1-беренесинде “Отношение сторон строятся на основе принципов суверенного равенства и уважения, прав, присущих суверенитету, неприменения силы или угрозу силой включая экономические и иные способы давления, территориальную целостность и нерушимоти границ…” ал эми 5-беренесинде «Стороны признают и уважают территориальную целостности КР и ТР» деп бекитилет. Бул келишимде дагы мурунку келишимдердей жана декларациялардай эле “ чек ара боюнча доомат же чече турган талаштуу жер бар…” деген тажик тараптын өзгөчө пикири жок . (Мисалы: Кытай Тайванды Кытайдын бир бөлүгү деп эл аралык келишимдерде өзгөчө пикир катары белгилеп келгендей). Демек, Тажик тарап Ворухтун анклав экендигине макул болуу менен келишимди кабыл алышкан. Келишим эки тараптын парламенттери аркылуу ратификацияланган.
Эгерде алар, Союз бийлиги тарабынан бекитилбеген тагыраак айтканда мыйзамдаштырылбаган документтерге таянууну каалашса анда менин биринчи жазган макаламдагыдай тажик туугандар, 1925-жылдын 2-январында Н.Наримановдун төрагалыгы алдында СССРдин Аткаруу комитетинин Президиумунун № 39 токтомунун негизинде (тагдырдын тамашасы кара, К.Ташиев кол койгон токтомдун номуру дагы 39 экен) Таджикстандын аянтын кеңейтүү жана элинин санын көбөйтүү максатта Кара Кыргыз автономду облустун эсебинен, жетекчилердин каршы пикирине жана колдору коюлбагандарына карабай биздин Мургаб районун тоолуу Бадахшанга кошуп, Өзгөчө Памир облусун түзүшүп, Таджикстан АССРнын карамагына өткөрүп беришет. Анын алдында ошондой эле жол менен Жерге-Тал району өтөт. Ошентип, дал ошол “1924-1925-жылдары азыркы Тажикстандын аймагынын 31,6 пайызын түзгөн биздин жерлер Таджикстан АССР түзүлүүдө алардын карамагына өткөрүлүп берилет. Эгерде тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдарга басым жасап ошол жылдардагы документтерди колдонууну каалашса анда алар өз ыктыярлары менен бизге Мургаб менен Жерге-Тал райондорун өткөрүп берүүсү алардын милдети болуп калат. Мургаб жана Жерге-Талдын бизге берилиши ошол “1924-1927-жылдардагы материалдарга жана документтерге шайкеш дагы келмек, тарыхый адилеттүүлүк дагы орномок.
Бирок ушул жолдун эки тарапка тең опурталдуулугун жана эске алсак, анда ратификацияланган 1990, 1991, 1992, 1994 жана 1996-жылдардагы мыйзам, эл аралык келишимдердин жана декларациялардын негизинде гана иш алып баруудан башка жол жок. Ошондуктан, эки тарап тең №39 протоколдон баш тартып, С. Ятимов белгилеген укуктук талаага түшүү менен кетирилген кемчилдиктерди оңдоо, бүгүнкү күндүн талабы экендигин унутпоо керек.
Эми эмне кылуу керек?
- Жогорудагы жүйөлүү фактылардын негизинде 1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы комиссиялардын материалдарына таянып, кол коюлган №39-протоколду эл аралык келишимдерге шайкеш келбегендигине жана улуттун кызыкчылыгына жооп бербегендигине байланыштуу жокко чыгаруу.
- Делимитация иштерин жогоруда көрсөтүлгөн эл аралык келишимдердин негизинде улантуу менен жол боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алып, СССР түзүлгөндөн баштап 100 жылга жакын каттап жүргөн Ворух-Ак-Сай-Чорку–Исфара жолун ( Өзбекстан менен Сохтун жолун кошуп) эл аралык жолдун статусуна теңеп, оңдоп чек арадан чыгаар замат элдердин токтоосуз каттоосун камсыз кылуу, алардын дагы бизге ошондой шарт түзүп берүүсү.
- Улуттун кызыкчылыктарын коргоодо кетирген кемчиликтери жана сүйлөшүү процесстеринде ратификацияланган эл аралык келишимдердин негизинде иш алып барбагандыктары, өздөрү шыкактаган маалыматтык согуштун кесепетинен жек көрүү сезимдеринин күчөшү жана эл аралык абройлорунун төмөндөшүнө байланыштуу комиссиянын мүчөлөрүн толугу менен алмаштыруу.
- Чек ара кызматын УКМКнын кол астына киргизип, анын статусунун жана башка мамлекеттик органдар менен оперативдүү байланыштарынын төмөндөшү, эл аралык уюмдар менен болгон катнашынын чектелиши, эң негизгиси чек ара кызматынын жетексинин жеке жоопкерчилигинин жогорулатуу максатында чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу.
- Эки тараптын кызыкчылыктарын сактоо менен элдердин мурункудай ынтымакта жашап, соода-сатык жана чарбачылык иштерин жүргүзүү үчүн, жабылган чек араны ачып, кылымдар бою жанаша жашаган элдердин ынтымагын калыбына келтирүү.
- Мамлекет башчыларын жана мамлекеттик кызмат адамдарын кемсинтип, мазактаган, этикалык нормаларга туура келбеген сөздөр менен “аткылашкан” маалыматтык согушту эки тарап бирдей токтотуу менен ынтымакты, биримдикти жана достукту калыбына келтирүү идеологиясына басым жасоону жүргүзүү.
“Кыргыз-бабам, казах-канатташым, тажик-тагдырлашым, өзбек- өз элим” деп бекер айтпаса керек биздин акылман аталарыбыз.
“Азаттык” партиясынын төрагасы, генерал-лейтенант И.Исаков.
09.02.2022 ж.
Автордун орфография жана пунктуациясы сакталды.
Макаланын мазмуну редакциянын пикирин чагылдырбайт.