Ишкер Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камакка алынды
- 12 месяцев мурун
Ишкер Тимур Файзиев 9-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындай чечим 11-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда кабыл алынды. Тимур Файзиевге Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган.
10-октябрда Файзиев УКМК тарабынан кармалган.
Муну бөлүшүү