Ишкер Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыгарылды

  • 9 месяцев мурун

Ишкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

«25-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсүнүн, шектүү О.Т. карата кармалгандыгынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлугүн текшерүү жөнүндө жана бөгөт коюу чарасын камакка алуу түрүн тандоо жөнүндө өтүнүчтөрү каралды. О.Т. карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 23-ноябрга чейин колдонулган», — деп жазылат маалыматта.

2021-жылы парламенттик шайлоого катышкан Токтобүбү Оргалчанын ысымы көп айтылган. “Альянс” партиясынан талапкерлигин койгон Оргалча Жанар Акаевдин ордуна депутат болору коомчулукта резонанс жараткан. Мындан тышкары, ишкер айымга тиешелүү автобустар былтыркы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташыган эле.

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы Токтобүбү Оргалча деген ким экени боюнча жазган. Токтобүбү Оргалча Кытайдан көчүп келген кыргыз. 2021-жылдын эле январь айында анын аты Оуерхалика Тохутибуби болгон.

Токтобүбү Оргалчанын өзүнө  “Шыдыр Жол Кей Джи”,  “МегаКомпани”, “Томас Кей Джи” ЖЧКлары катталган. Бул компаниялардын айрымдарында анын жолдошу  Балтабаев Нурсланбек Шабидинович жетекчи катары жазылган. 2021-жылдын июнь айында Бишкектеги маршруткалар иш таштаган учурда президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова түзгөн “Үмүт булагы” коомдук фонду шаар ичине 20 автобусту коюп, элди бекер ташыткан. Дал ошол автобустар “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынын автобустары болгон. “Үмүт булагы” фонду автобустарды “Шыдыр Жол Кей Джиден” ижарага алдык десе, компаниянын директору Нурсланбек Балтабаев ижара акысын алышпаганын, болгону күйүүчү май куюп бергенин айткан. “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясы 2020-жылдын октябрь окуяларында дагы автобустары менен Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү менен белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты