Илим министрлиги “Эл үмүтү” программасы тууралуу маалымат берди
- 2 месяца мурун
Илим министрлиги президенттик “Эл үмүтү” программасы жана ал сыйлыкка илинбей калган Арыстанбек кызы Жылдыз тууралуу маалымат берди.
Маалыматта белгиленгендей, президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы төртүнчү жыл ишке ашырылууда. Алгачкы кабыл алуу 2022–2023-окуу жылында өткөрүлгөн. Үч жылдын ичинде долбоорду ишке ашыруу үчүн президенттин фондунан 177 747 727 сом бөлүнгөн.
Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын таланттуу жана максаттуу жаштарын колдоо максатында, магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде билим алуу үчүн, дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 100дүккө кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына (QS World University Rankings жана Times Higher Education версиясы боюнча) бөлүнгөн.
“2025–2026-окуу жылына Кыргыз Республикасынын президентинин “Эл үмүтү” стипендиясына жалпы 89 талапкер документ тапшырган. Алардын ичинен 39 талапкер республикалык комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн. Так жана кылдат тандоонун жыйынтыгында 30 талапкер стипендиат катары аныкталып, 9 талапкердин кандидатурасы четке кагылган. Алардын ичинде Арыстанбек кызы Жылдыздын (социалдык-гуманитардык багыт) талапкерлиги да четке кагылды. Ал АКШдагы Гарвард университетинин Билим берүү жогорку мектебинде “Билим берүүдө лидерлик, уюмдарды башкаруу жана ишкердик” магистрдик программасына тапшырып, талапкерлигин көрсөткөн. Бул талапкер буга чейин Кыргыз Республикасы менен Венгриянын өкмөттөр аралык макулдашуусу алкагында ишке ашырылып жаткан StipendiumHungaricum стипендиялык программасы боюнча “Коммуникация жана медианы өнүктүрүү боюнча эксперт” гуманитардык багыты боюнча магистрдик программасынын гранттык ээси болгон. 2025–2026-окуу жылына ал кайрадан Кыргыз Республикасынын президентинин фондунан каржылануучу мамлекеттик грантка документ тапшырган, бирок дагы эле магистратура деңгээли боюнча, башкача гуманитардык багытта – “Билим берүүдө лидерлик, уюмдарды башкаруу жана ишкердик” программасына” деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда Арыстанбек кызы Жылдыз Гарвард университетине окууга өткөнүн жазган. Андагы окуунун чыгымдарын жаап берет деген ишеним менен «Эл үмүтү» стипендиясына тапшырганын, бирок ага илинбей калганын жазган.
Сүрөт: Арыстанбек кызы Жылдыз




