​Венгрияга окууга тапшырууда эмнелерди эске алуу керек?

Жылдыз Арыстанбекова учурда Венгрияда билим алып жатат. Мындан ары дагы пайдалуу кеңештери менен блогдорунда бөлүшүп турат.

  1. Мотивациялык катты туура жазуу. Адатта, мотивациялык каттын көлөмү 600 сөздөн ашпайт жана бул талап болуп саналат. Эми сиз эмне үчүн стипендия утуп алышыңыз керектигин ушул 600 сөзгө батырышыныз керек. Бул оңой угулганы менен иш жүзүндө бир нече убакытты жана эмгекти талап кылат. Бул “эптеп” 600 сөз жазып, эссени бүтүп коюу эмес, бул сиз эмне үчүн стипендия алууга татыктуу кандидат болушуңуз керектигин тастыктоо үчүн берилген шанс. Ошол себептен буга өтө кылдат мамиле кылып, эссени жазууга көбүрөөк убакыт бөлүүңүз кажет.
  2. Рекомендацияны туура адамдардан алуу. Биринчиден, рекомендацияны сиз көп убакыт өткөргөн эмес, сизди жакшы тааныган адамдардан алууңуз шарт. Экинчиден, бизде рекомендациялык кат жазуу маданияты өнүгө элек. Көпчүлүк учурда рекомендация берген адамдар тапталып бүткөн “Бул окуучу мыкты, эмгекчил, жоопкерчиликтүү” деген сүйлөмдөр менен чектелишет. Ал эми эмне үчүн ал окуучуну жоопкерчиликтүү экендигин, эмгекчилдигин кантип, кандай жагдайда байкагандыгын деталдаштырып сүрөттөп бергендер аз. Ошол себептен, эгер сиздин рекомендациялык катыңыз “жалпыланып” жазылган болсо, анда тезирээк аны деталдаштырып берүүсүн өтүнгүлө.
  3. TOEFL – бул суроо азыр көпчүлүктү ойлондуруп жатса керек. Себеби, официалдуу ТОЙФЛ тапшыуу үчүн бир нече айлар кетет. Бул программага тапшыруунун биринчи баскычында АУЦАдан TOEFL PBT тапшырып, анын жыйынтыгын убактылуу көрсөтүп турууга болот.
  4. Дипломдорду кантип жана кандайча жөнөтөм деген суроо ар бириңиздерде болсо керек. Мисалы, мен окуган “Манас” университети дипломдун жана транскритттин англис тилиндеги вариантын берген. Тилекке каршы, көпчүлүк окуу жайлар кыргыз жана орус тилинде гана беришет. Ошол себептен аларды которууга туура келет. Көпчүлүк “Өзүбүз которсок болобу?” деген суроолорду берүүдө. Документ өз күчүндө калыш үчүн аны нотариустан өткөрүү керек. Ошол себептен эң жакшы вариант аны тиешелүү жерден котортуп, нотариустан өткөрүү.
  5. Кайсы сертификаттарымды системага жүктөөгө болот? Эгерде сиз Master, PhD ге тапшырып жатсаңыз анда сиз окуй турган тармакка тиешелүү сертификаттарды көбүрөөк жүктөөгө туура келет. Мисалы, сиз катышкан конференциялар, тегерек столдор, Модель ООН, же иштеген жериңизден алган дипломдор болушу мүмкүн. Ал эми Bachelor го тапшыра тургандар мектептен алган болгон сыйлыктарды көрсөтүүгө болот. Анын ичинде спорт жаатында алган сертификаттарды да унутпаңыздар. Бул сиздердин жеке эле окуу менен чектелбей, ар тармактуу экениңерди көргөзүүнүн бир жолу.
  6. Программага тапшыруу үчүн шилтеме.

Ийгилик!

Жылдыз Арыстанбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты