Иликтөөчү журналисттерди камакта калтыруу чечимин чыгарган судьялар кимдер?

6-февралда Бишкек шаардык соту “ПолитКлиника” медиасынын иликтөөчү журналисти Тыныстан Асыпбековдун, “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровдун баш коргоо чарасын карап, аларды 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырган. Соттук коллегиянын курамында Шарабидин Токтосунов, Заурбек Жунусов жана Жамиля Сабитова болду.

Иликтөөчү журналисттерди камакта калтыруу чечимин чыгарган судьялар кимдер?

“ПолитКлиника” медиасы жогорудагы судьялар кимдер экенин текшерип көрдү.

Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов

Иликтөөчү журналисттерди камакта калтыруу чечимин чыгарган судьялар кимдер?

Шарабидин Токтосунов Тыныстан Асыпбеков менен Актилек Капаровдун баш коргоо чарасы каралган залда судьялардын курамында болду. Бишкек шаардык соттун судьясы Шарабидин Токтосунов коомчулукта президент Садыр Жапаровдун мурдагы жактоочусу катары таанымал. Шарабидин Токтосунов 1988-2007-жылдары Ички иштер министрлигинин тергөө кызматында, 2008-2010-жылдары Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин башкы инспектору болуп ишетеген. Ал 2010-жылдан бери жактоочулук кесипти аркалап келет.

Ал азыркы президент Садыр Жапаров 2012-жылы Кумтөр боюнча нааразылык акциясына байланыштуу камалгандан тартып анын адвокаты болгон. 2020-жылы 5-августта октябрда өтө турган шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанары тууралуу билдирүү жасаган. Анда ал “Мекенчил” партиясынан өзүнүн ордун таба албагандыктан, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен шайлоого баратканын айткан. 

“Мен Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов. Сегиз жылдан бери Садыр Жапаровдун чындыгын талашып, өзүмдүн колумдан келген бардык иш-аракеттеримди жумшадым. Бүгүнкү күнгө чейин Садыр Жапаровго акыйкатсыз мамиле болгондуктан ал мыйзамсыз камакта отурат. Аны камактан чыгаруу үчүн биз бардык мыйзамдуу аракеттерди жасадык. Бирок чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бүгүнкү күндө “Мекенчил” партиясы Садыр Жапаровду чыгаруу үчүн парламентке аттанып жатат. Алардан мен “кандай жол менен чыгарасыңар?” десем, алар “сүйлөшүү жолу менен чыгарабыз” дешти. Мен “андай болбойт, биз укуктук мамлекет болгондон кийин Садыр Жапаровду парламентке барып, мыйзам жолунда чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар” деп айттым. Ошондуктан мен “Мекенчил” партиясынын катарынан өз ордумду таба албагандан кийин  бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен сүйлөшүп, анын убадасын алдым. Партиянын мүчөлөрү менен да сүйлөшүп алардын убадасын алдым. Эгерде Кудай буюруп парламентке барып калчу болсок, Садыр Жапаровду чыгаруу боюнча мен көтөргөн бардык маселелерди, мен жазган бардык мыйзамдарды колдоп берерин жана мени менен кошо чогуу аракет жасарын айтышты. Мына ошолорго ишенип, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын атынан шайлоого аттандым”, — деген ал.

Шарабидин Токтосунов 2020-жылдын 23-августунда кайрадан билдирүү жасап, ички интригадан улам Адахан Мадумаров менен бирге шайлоого барбай турганын жарыялаган. Буга чейин “Мекенчил” партиясынан ордун таппаганын айткан Токтосунов мында ал аталган партиянын тизмесине 32-талапкер болуп калгандыктан “Бүтүн Кыргызстанга” кеткенин билдирген. 

“Мени «Мекенчил» партиясында 32-тизмеге коюп койгондуктан мен ал партиядан чыгып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына келип, Адахан Мадумаров менен сүйлөшүп, ал киши мага биринчиден он бешинчи тизмени убада кылган. Адахан Мадумаров өз сөзүндө туруп съезди өткөрүп, мени 14-тизмеге каттатыптыр. Ал үчүн мен ага чоң ыраазычылык билдирем. Ошол мени 14-тизмеге каттаган үчүн бир топ интригалар жүрүп, “эмне үчүн сырттан келген Токтосунов төрдү ээлеп алды?” деп Адахан Кимсанбаевичти ар тараптан талап жатканын көрүп турам. Мен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Мадумаровдун өз сөзүндө турганын сыйлап, бүгүн ал кишини таландыда калбашын каалап, мен өз талапкерлигимди алып коюуну чечтим”, — деп билдирген Токтосунов.

2020-жылы октябрь окуяларында ал Садыр Жапаровду колдоп, Ала-Тоо аянтындагы акцияларда жүргөн. 2021-жылы декабрь айында Шарабидин Токтосунов Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалган.

Заурбек Жунусов опузалап акча талап кылган факты боюнча УКМКга сурак берген

Иликтөөчү журналисттерди камакта калтыруу чечимин чыгарган судьялар кимдер?

Мындан эки жыл мурун, 2022-жылы апрель айында Заурбек Жунусов Ош облустук сотунан Бишкек шаардык сотуна которулган. 2023-жылдын сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова жашы жете элек балага биринчи инстанциянын чыгарган чечимин күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалганы боюнча маалымат тараткан. 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып, Илиязова менен кошо кылмыш иште шаардык соттун дагы бир судьясы Заурбек Жунусов да суралып жатканын жазып чыккан. “Кактус” медиасы Илиязова УКМКнын тергөө абагында кармалып, Заурбек Жунусов коё берилгенин жазган. Заурбек Жунусов Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын арызын карап, чечим чыгарган судья катары дагы таанымал.

Жамиля Сабитова Иса Өмүркуловду актаган, журналисттерди залдан чыгарган

Иликтөөчү журналисттерди камакта калтыруу чечимин чыгарган судьялар кимдер?

2018-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Жамиля Сабитованы Бишкек шаардык сотунун судьясы кылып дайындаган. Ал ага чейин Октябрь райондук сотунун судьясы болгон. 2014-жылы Октябрь райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри Иса Өмүркуловду “Жеңиш” паркына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча актаган. Мындай чечимди чыгарган соттук курамдын катарында Жамиля Сабитова болгон. Иса Өмүркулов боюнча чечимди Сабитова окуган. Эске салсак, 2013-жылдын аягында ошол кездеги шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (“Жер мыйзамдарын бузуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул эле жылы Сабитова Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыпталып жаткан депутат Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын карап, аны камакка алуу чечимин чыгарган. 

2022-жылы сентябрь айында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып жатканда журналисттерди сот залынан чыгарып жибергени үчүн Бишкек шаардык соттун үч судьясына чара көрүү боюнча Судьялар кеңешине кайрылган. Бул үч судьянын катарында Жамиля Сабитова дагы болгон. “ПолитКлиника” медиасы Судьялар кеңешинин басма сөз кызматына кайрылганда Жамиля Сабитовага алдын ала эскертүү берилгенин билдирди.

Жапырт кармалган журналисттер тууралуу маалымат

16-январдын таңында “Temirov Live”, “Айт Айт Десе”, “ПолитКлиника”, “Арча Медиа” редакцияларынын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына суракка алып келинген. ИИМ кармалган 11 медиа кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин  278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелип жатканын билдирген. 

Милициянын маалыматында атайын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар” деп аныкталганы айтылат.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган 11 журналист жана медиа кызматкерлерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Алар:

«Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы;

«Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Айке Бейшекеева, Сапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков;

Аталган редакциянын мурдагы кызматкери, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов,

Редакциянын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев;

Редакциянын мурдагы журналисти, азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров;

Редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев;

Редакциянын мурдагы кызматкери, учурда “ПолитКлиника” медиасынын журналисти  Тыныстан Асыпбеков.

Иликтөөчү журналисттерди камакта калтыруу чечимин чыгарган судьялар кимдер?
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты