ИИМ «Улуттук электр тармагы» ишканасынын башкы директорунун орун басарынын кармалышы боюнча маалымат берди  

  • 5 дней мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду.

«Бир тендерге аудит жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө » «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын кызмат адамдары КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын одоно бузуп, сатып алынуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Бир гана тендер боюнча 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды» деп айтылат маалыматта.

Иш боюнча табылган далилдердин негизинде жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмышка шектүү катары «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган А.А. (Аскат Абылаев-ред)  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Соттун чечими менен 1992-жылы туулган А.А. нын баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалып, эки айга камалды. Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты