ИИМ Түркияда зилзаладан жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлиги Түркияда зилзадан жабыр тарткандарга 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жардамдын ичинде жууркан, уктоочу каптар, кичинекей килемчелер, чатырлар жана жылыткычтар бар.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген. Андан соң Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты