ИИМ: «Мурдагы аялын бычактаганга шектелген жаран бошотулду» деген маалымат чындыкка дал келбейт»

  • 10 месяцев мурун

Мурдагы аялын бычактаганга шектелген жаран бошотулду» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Бишкек шаарынын 1-тергөө абагында. «Ички иштер министрлиги, маалымат агенттиктери тараткан оор кылмышка шектүү жаран бошотулду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет. Э.А. аттуу кылмышка шектүүгө карата,камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Азыркы учурда Э.А. аттуу жаран Бишкек шаарынын 1-тергөө абагында, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аял бычакталып, кийин ооруканага жеткирилгени жөнүндө маалымат милицяга келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Денеге оор залал келтирүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты