ИИМ милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт

  • 11 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жыйынтыгында өздүк курамындагы кызматкерлерге көзөмөлдүн жоктугун көрсөткөн жетекчилерге карата КР укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык тартиптик чаралар көрүлөт. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 17-августта Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты