УКМК: Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шек саналган милиция кызматкерлери кармалды

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарында синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан жеке керектөө үчүн синтетикалык дарыларды сатып алуу, адамдардан акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылуу фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Тиешелүү текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү («Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү»), 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара талап кылуу») жана 262-беренесинин 1-бөлүгү («Кылмыш чөйрөсүн түзүү») менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

«Тергөө иштеринде ИИМ системасында ошондой эле анын структуралык жана аймактык бөлүмдөрү, туруктуу кызматкерлер тобу, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, адамдарды кармоонун кийинки этаптары менен, «кыстармалар» деп аталган Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу жеке колдонуу үчүн синтетикалык баңгизаттарды сатып адамдарды аныкташкан.

Ошол эле маалда кылмышка тиешеси бар адамдарды уюлдук телефондоруна болжолдуу кармоо процесси тартылып алынып, жана видеоматериалдар кылмыш жоопкерчилигине тартып, тергөө камак жайга камайбыз деп коркутуу менен кармалгандардан акча талап кылуу үчүн колдонулган.

Коркутуулардын жана психологиялык басымдын натыйжасында кармалган жарандар ИИМдин аталган кызматкерлерине 20 миң сомдон 5 миң долларга чейин акча каражатын өткөрүп берүүгө мажбур болушкан, алар талап кылынган сумманы алгандан кийин баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган фактыларын жашырып, кармалгандарды бошотушкан»,- деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, ИИМдин учурдагы кызматкерлери Б.К., Э.А., Н.К., Б.И. жана У.Ч. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты