ИИМ көз карандысыз ЖМК журналисттеринин суракка чакырылышы боюнча маалымат берди
- 10 месяцев мурун
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алып баруу боюнча маалымат таратты.
ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда “Айт Айт Десе” жана Temirov Live аталышындагы социалдык тармактардагы баракчалардан жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алган.
-Иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.
12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык, “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.
Аталган экспертизанын жыйынтыгы менен ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) үчүнчү бөлүгү менен (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) кылмыш ишин козгоп, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча ыкчам тергөө, иликтөө иш-чараларын улантылууда,-деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Бүгүн, 16-январда, «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалагына суракка алып кетишти. Тыныстан Асыпбек уулуна жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Андан тышкары “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү жүрдү.
Милиция Темиров LIVE долбоорлорунун кызматкерлери Актилек Капаровду, Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду, Жоодар Бузумовду, Сайпидин Султаналиевди да суракка алып кеткен.