ИИМ баш прокурордун экс-орун басары баш болуп, бийликти басып алууга шектелгендердин чоо-жайын билдирди

  • 2 дня мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ыкчам кызматы массалык башаламандык уюштуруу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобун кармады.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы баш прокурордун орун басары камалганын билдирген.

ИИМдин маалыматында мындай деп айтылат:

“Аталган топ спорт оюндарын, ошондой эле башка мелдештерди Бишкектин чет жакаларында өткөрүүнү пландаган. Улуттук спорт оюндарын өткөрүүгө жамынып алышып, кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн зомбулукка чакырууга,  Конституцияга каршы чакырыктарды жасоого даярданышып,  2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда бийликти күч менен басып алууну  көздөшкөн” деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМ тарабынан кылмыш — жаза кодексинин 36-278-беренелеринин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган топтун бир катар мүчөлөрү кармалды.

1. Чет мамлекеттин жараны, ал Ош облусунун тургуну 1987-жылы туулган К.А.О.. Чет мамлекеттин аймагында согуш аракеттеринин катышуучусу болуп саналат, анын милдеттерине:  дене-бой жагынан даярдалган адамдарды тандоо, жалдоо жана нускама берүү, алкоголдук ичимдиктерди, азык-түлүктү жана малды сатып алуу, массалык башаламандыктар учурунда укук коргоо органдарынын аракеттерине көз салуу жана уюштуруучуларга жана координаторлорго маалымат берүү кирген. 
Ал кармалган учурда жана жашаган жерин тинтүү иш-чараларында тутанткыч менен граната, патрондор, үч квадрокоптер, тепловизор, алысты өлчөгүчү бар оптикалык прицел табылып алынган;

2. Чет мамлекеттин жараны, ал Ош облусунун тургуну А.у. М.,  К. А. менен бирге Кыргыз Республикасына массалык башаламандыктарды өткөрүүгө жардам берүү үчүн келген. 
Кармоо учурунда андан номурлары өчүрүлгөн белгисиз үлгүдөгү тапанча жана анын октору, салмагы 5,7 грамм болгон «гашиш» баңгизаты табылган;

3. Чет мамлекеттин жараны М.М.Т. чет мамлекеттин аймагында согуш аракеттеринин катышуучусу болуп саналат, Кыргыз Республикасына досу К. А. менен бирге массалык башаламандыктарды жүргүзүүгө жардам берүү үчүн келген, учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) менен иштөө боюнча адис, жардыруучу түзүлүштөрдү даярдоо жана колдонуу жөндөмүнө ээ;

4. Чүй облусунун тургуну, уюштуруучу жана координатор Б.Т.Н. мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, массалык башаламандыктарды өткөрүү үчүн жогоруда аталган адамдарды демөөрчүлүк кылган жана ишке тарткан, мессенжерлер боюнча чагымчыл видеороликтерди жана шилтемелерди тараткан, анын милдетине деструктивдүү элементтерди, мурда соттолгон адамдарды жана көрсөтүлгөн мыйзамга каршы аракеттерди каржылоого даяр башка адамдарды каржылоо жана табуу кирген;

5. Чүй облусунун тургуну К.Д.С. каракчылык, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо, уурдоо жана баңгизатын сатуу боюнча бир нече жолу соттолгон, анын милдетине үгүт жана каржылоо жолу менен спорттук иш-чараларга жамынып катышуучуларды чогултуу кирген, элди өкмөт үйүнө жөнөтүшү керек болгон;

6. Чүй облусунун тургуну Ч.А.С.  уюштуруучу жана координатор болот. Ал  Б.Т.нын  уюштуруу жана акча каражаттарын бөлүштүрүү, жалданган адамдардын акысын төлөө жана элди чагымчылдыкка үндөө маселелери боюнча жакын адамы. 

7. Негизги уюштуруучу А.у.К. Жалал-Абад облусунда туулган.  Ал КР Башкы прокурорунун мурдагы орун басары, анын милдетине финансылык камсыздоо, укук коргоо органдары менен байланышуу, алардын аракеттери жөнүндө алынган маалыматтарды берүү, массалык башаламандыктарда жана бийликти басып алууда ролдорду бөлүштүрүү жана координациялоо кирген.

Ошондой эле аталган топтун кампасынан элди мас кылуу үчүн 1000 бөтөлкө арак, 2000 бөтөлкө минералдык суу, 1 тонна күрүч, союу үчүн 1 жылкы жана массалык башаламандыктарга катышкандарга аш  даярдоо үчүн азыктар алынган.

Кармалган адамдарга кылмыш-жаза кодексинин  41-беренесинин 2-бөлүмү, 36, 278-беренелер (массалык башаламандыктарды даярдоону уюштуруу); 261-беренесинин 1-бөлүмү (уюшкан топ түзүү); 263-беренесинин 2-бөлүмү (уюшкан топту каржылоо); 326-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу); 256-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышуусу) менен айыптары угузулду. 
Соттун чечими менен жогорудагы кармалган адамдарга карата 2025-жылдын 10-январына чейин тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. 

Учурда кылмыш иши боюнча уюшкан кылмыштуу топтун башка уюштуруучуларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май сотунун 2024-жылдын 12-ноябрдагы токтому менен, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн сунуштамасы канаттандырылып,  Кубан Адыл уулу 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынганы айтылган.

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулуна кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар», «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо», «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айып коюлганы, аны менен бирге дагы 7 киши кармалганы белгиленген.   

ИИМ баш прокурордун экс-орун басары баш болуп, бийликти басып алууга шектелгендердин чоо-жайын билдирди
ИИМ баш прокурордун экс-орун басары баш болуп, бийликти басып алууга шектелгендердин чоо-жайын билдирди
ИИМ баш прокурордун экс-орун басары баш болуп, бийликти басып алууга шектелгендердин чоо-жайын билдирди
ИИМ баш прокурордун экс-орун басары баш болуп, бийликти басып алууга шектелгендердин чоо-жайын билдирди
ИИМ баш прокурордун экс-орун басары баш болуп, бийликти басып алууга шектелгендердин чоо-жайын билдирди
ИИМ баш прокурордун экс-орун басары баш болуп, бийликти басып алууга шектелгендердин чоо-жайын билдирди
ИИМ баш прокурордун экс-орун басары баш болуп, бийликти басып алууга шектелгендердин чоо-жайын билдирди
ИИМ баш прокурордун экс-орун басары баш болуп, бийликти басып алууга шектелгендердин чоо-жайын билдирди

Сүрөттөр: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты