«Ихсандын» жетекчиси 8-сентябрга чейин камакка алынды

  • 2 года мурун

«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Б.А. кармалды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи Май райондук сотунда Б.Анын баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен ал 8-сентябрга чейин камакка алынды

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата 209 (алдамчылык), 210 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) беренелери боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, «ПолитКлиника» медиасы аталган кооператив боюнча иликтөө жасаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты