Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?

Кыргызстанда акыркы жылдарда турак-жай курулуш кооперативдеринин саны көбөйдү. Алардын жардамы менен жүздөгөн кыргызстандыктар өз алдынча турак-жай сатып аларын – жарандар алгачкы төлөмдү берип, батир же үй алуу үчүн кезекке турса болорун жана кезек жеткенде турак-жай үчүн калган сумманы кооператив төлөйт деп социалдык тармактарда өздөрүн дайыма жарнамалап турушат. Анткен менен бул кооперативдерге акчасын салып, же үйдөн жок, же салынган акчаны ала албай жаткандардын саны өсүүдө.

“ПолитКлиниканын” журналисттери турак-жай кооперативдердин ишин түшүнүү жана эмнеге жарандар  жүздөгөн миң акча жоготуп жатканын билүү үчүн алтымыштан ашык кооперативге акча салган адамдар, экономисттер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен сүйлөштү. Айрымдар акчасын берген батирлерин ала албай калуу коркунучунан улам анонимдүү түрдө маек беришти.

Элдин сөзүнө таянып “ПолитКлиника” бир эле кооперативдеги 60ка жакын адам 60 миллион сом өлчөмүндөгү салымын кайтара албай жатканын аныктады. 

Кооперативдер союзунун журналисттерге берген маалыматына караганда, өлкөдө 150гө жакын кооператив катталган. Учурда алардын канчасы активдүү экени белгисиз. Иликтөө жарыяланган маалда журналисттер мындай көйгөйлөр жок дегенде 4 кооперативде бар экенин билүүгө жетишти.

Арыздар, камоолор жана каржы пирамидалар

Жабыркаган 24 адамдын арызы боюнча 2022-жылдын март айында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы S-LINE турак жай-курулуш кооперативинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Аалиевди кармаган.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?
Сүрөттө: Бакыт Аалиев

Ал Оштон үй сатып алууну убадалап, жарандардан акча алган деп шектелип жатат — натыйжада жабырлануучулар убада кылынган турак-жайсыз жана акчасыз калышты.

Милиция келтирилген чыгымды 40 миллион сомго баалаган. Укук коргоо кызматкерлери кооперативдин алдамчылык жол менен, каржы пирамидасы түрүндө иштеп жатканын да түшүндүрүштү. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, уюмдун айрым мүчөлөрү гана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, бирок көпчүлүгү батирсиз да, акчасыз да калган.

Аалиевдин кооперативине кирүү үчүн алгач 218 миң сом төлөп, андан кийин кооперативге турак-жай үчүн белгилүү бир сумманы төлөп турушкан. Салымдын суммасы канча болгонун милиция тактаган жок.

Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Алтынай Эркинбаева «S-Line» кооперативи менен 2021-жылдын май айында үй алуу боюнча келишим түзгөн. Кооперативдин башчысы Аалиев аларга эки айдын ичинде үй алып берүүнү убада кылган. Ар кимге үйүнүн ачкычын тапшырганын көргөндөн кийин, үйлүү болуш үчүн ал дароо эле 350 миң сом салган.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?
Алтынай Эркинбаева

«Мен 2020-жылы S-Line кооперативдик жыйынына барганда, баарына үйдүн ачкычтары тапшырылганда таң калдым. 2020-жылдын 27-майында мен дагы үй алуу үчүн кооперативге 350 000 сом салдым. Бул акчаны жолдошум экөөбүз үй салуу үчүн чогултуп жатканбыз», — деди Эркинбаева.

Келишим боюнча, ал үйдү баштапкы төлөмдү төлөгөндөн кийин эки айдан кийин алышы керек болчу. Бирок бир жылдан кийин ал үй да, акча да алган эмес. Эми ал жөн гана акчасын кайтарып алгысы келет.

Ал «S-Line» кооперативине салган акчанын айынан күйөөсү менен урушуп, акчасын ала албаганын айткан. Биринчи компания менен келишим түзгөндөн тышкары, S-Line андан Safe Business компаниясынын акциясына катталышын суранган. Анын айтымында, эгер бул компанияга дагы жазылса,  акция менен үйдү тезирээк ала алмак.

“Сейф Бизнес” деген эмне жана анын кооперативдердин ишине кандай тиешеси бар?

Safe Business компаниясынын сайтында бул тармактык бизнес экени айтылып турат. Мисалы, бир катышуучу жазылат. Каттоо үчүн 1000 сом төлөп, алардын продукциясын 15 000 сомго сатып алуу керек. Анан дагы кеминде эки кишини каттатуу керек. Алар да ушундай эле жол менен катталат. Сиздин командаңыз канчалык чоң болсо, ошончолук көп аласыз. Жана алар статустарды беришет — «Директор», «Алтын директор» ж.б.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?

Журналисттер аныктагандай, ызы-чуу болуп жаткан S-Line кооперативинин кожоюну Бактыбек Аалиев Safe Business компаниясынын дагы негиздөөчүсү. Документтерге ылайык, ишкана парфюмериялык жана косметикалык буюмдарды дүңүнөн сатуу менен алектенип, 2017-жылы каттоодон өткөн.

«Башында кооперативге киргим келген эмес. Досум телефон чалып: «Бакытбек Аалиев кеткенче акчасын төлөп, каттал. Анын үстүнө азыр акция жүрүп жатат. Бул акция менен бир айдан кийин үй аласыз», — деп Алтынай кеңеш беришкен.

Эми ал бул чечими үчүн өкүнүчтө, анткени, бул чечим үчүн үй-булөсүндө келишпестиктер пайда болгон.

Кээде элдин кыжырдануусу нааразылык акцияларына чейин жетет. Ошентип, 2022-жылдын 22-мартында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында «Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативине нааразы болгон жарандар митингге чыгышкан.

Кооперативден жапа чеккен Асия Тагаева «Биринчи турак-жай» кооперативи акчасын кайтарып алууну каалаган жарандардын төлөгөн акчасынан «штраф» катары 6 пайыз кармап жатканын айтып нааразы болду. Ал 2018-жылы досунун кеңеши менен кооперативге кирип 310 миң сом төлөгөн. Азыр ал акчасын ала албай, акчасын толугу менен кайтарып бербей коюшунан коркуп жатат.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?
Асия Тагаева

«Саиданын [Тагаеванын таанышы – ред.] кеңеши менен 2018-жылы кооперативге кирип, 310 миң сом төлөгөм. Эми 60 миң сом алып калабыз деп жатышат», — деди Тагаева.

Кооперативдерге даттануулар Ош шаары менен гана чектелген жок.

Бишкек ШИИБдин пресс-релизине ылайык, жарандардын бири 2021-жылдын күзүндө «Ак үй Кейдж» кооперативинин жетекчилиги дээрлик 680 миң сомго үй жана унаа сатып алууну убада кылганын айтып арызданган. Бишкектин тургуну 370 миң сом алдын ала төлөп берген, бирок кооперативдин негиздөөчүсү жана директору Талант Айтбаев акчасын алып качып кеткен. Айтбаев алдамчылыкка шектелип 16-мартта кармалган.

Башка кооперативдер элдин акчасын кайтарып бербеш үчүн башка айла-амалдарды колдонушат. Айнура Акматованын (аты өзгөртүлдү — ред.) айтымында, Бишкектин «Ихсан» кооперативи кезекке турган жарандарга турак жай берүү мөөнөтүн узартууда. Мындан улам акча салган адамдар акчасын кайтарып берүү боюнча арыз жазышкан. Бирок, көбү акчасын ала алган эмес.

«Биз «Дордой» базарында соода кылабыз. Төрт айдан кийин үй алабыз деп ишенип, акчабызды салганбыз. Бул акчаны базардын кыйынчылыгына чыдап бир жылда чогулткан элек”, — дейт Акматова.

Айнура Акматова кооперативге 600 миң сом кошкон. Ал үйдү 18-мартта алышы керек болчу, бирок “Ихсан” ага билдирбестен анын кезегин 20-апрелге жылдырган.

«Эмне үчүн мындай болгонун сураганымда, алар: «Биз муну күткөн эмеспиз, өтө көп адам болуп кетти» дешти. Жок дегенде 15 күндөн кийин акчамды алайын десем, кооперативдин кызматкерлери: «Ушундай болуп калды, колубуздан эч нерсе келбейт» деди, — деп баяндайт Акматова «ПолитКлиникага» берген маегинде.

“Ихсан” кооперативинде турак жайга кезекте тургандар үчүн WhatsАppта атайын топ бар. Аларга буга чейин батир ала турган, бирок ала албай калгандар да кошулган.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?

WhatsАpp тобунун мүчөлөрүнүн бири төмөнкүлөрдү айтты: «Мен бүгүн Ихсан кооперативинин кеңсесинде болдум. Акинай Төрөбековна (ред. — «Ихсан» кооперативинин жетекчиси) “Көп жылдан бери Москвада тентип, иштеп жүрөсүң, эми эки ай чыдабайсыңбы?” деди».

«Болуптур, дагы эки ай күтөбүз, эки айдан кийин келебиз» деп мага кепилдик талонун берүүсүн сурандым, бирок алар бере алган жок.

Мессенджердин дагы бир колдонуучусу: “Биз да үй ала албай жатабыз, алар  [мөөнөттү] узартып салып жатышат. Кепилдик талонун алдык. Бирок биз талон менен келгенибизде, ал жараксыз болуп чыкты. Көрсө алар берген документтерди жараксыз кылып коюшкан экен”, деп билдирди. Ошол эле топтун мүчөсү Аида да кооперативге кошкон акчасын ала албай жатканын жазган. «Акчаны кайтарбайбыз деп ар кандай шылтоолорду айтып жатышат. Бул тууралуу ачык айтыш керек окшойт», — деди Аида.

45 жаштагы Алия Турсуналиева үй алуу үчүн «Ихсан» кооперативине 936 миң сом салган. Акыркы убакта кооператив өз убагында үй бере албай жатканын угуп, алардын ишмердүүлүгүнөн күмөн санап, 1-мартта акчасын кайтарып берүү боюнча арыз жазган. Бирок кооператив убада кылган күндө акчаны кайтарып берген эмес.

«Келишим боюнча алар 14 күндүн ичинде акчаны кайтарып берүүнү убада кылышкан. Бирок 14 күндөн кийин акчаны алганы келсек, кызматкерлер “дем алыш жана майрам күндөрү кирбейт. Биз жумуш күндөрүн гана эсептейбиз”,- дешти. Бирок бул келишимде жазылган эмес. Экөөбүз урушуп, бирок ошол күнү акчабызды ала албай калдык. «15-мартта келгиле, беребиз» дешти. Бирок ошол күнү да акчабызды ала албай, “Ихсан” кооперативинин негиздөөчүсү Акинай Төрөбековнага бардык. Ал: «Акчаңарды бөлүп беребиз» деди.

Натыйжада Турсуналиева «Ихсандын» жетекчилиги менен уруш жана чатак аркылуу акчасын кайтарып алган.

Азыр «Ихсан» кооперативине кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Kloop’ко берген маегинде кооператив алдамчылыкка шектелип, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

4-апрелде Бишкекте “Ихсан” кооперативинин катышуучулары митингге чыгып, акча каражаты берилгени менен убада кылынган турак-жайды өз убагында алышпаганын айтышкан. Алардын айрымдары акчаны кайтарып берүүнү талап кылышкан.

Март айында кардарлардын нааразычылыгынан улам «Ихсан» кооперативинин Оштогу филиалы маалымат жыйынын өткөргөн. Уюмдун жетекчиси Орозбек Асанов кооперативдин айрым мүчөлөрү үйдү өз убагында албай калганын доллардын курсунун өсүшү менен түшүндүрдү. Учурдагы кырдаал уюмду үйлөрдүн баасынын 25% төлөгөндөрдүн мөөнөтүн 2 айга, 35% төлөгөндөр үчүн 1,5 айга жана сумманын 50% кошкондор үчүн бир айга жылдырууга мажбур кылганын да билдирди.

«Ихсандын» дагы бир жетекчиси Акинай Бекмырзаева тергөөдө эч кандай коркунуч жок экенин айтып, кардарлар менен болгон чыр-чатакты четке кагып, кооператив мурдагыдай эле ишин улантып жатканына ишендирди.

«Тергөө эч кандай коркунуч туудурбайт жана компания тергөөгө бардык суралган документтерди берет. Иш жарандык-укуктук мамилелердин тегиздигинде. Эл кооперативдин ишин улантуусун талап кылууда жана күтүүгө даяр», — деп жазган «Клооп» анын сөзүн.

Эл канча сомго жабырланды?

“Ихсандан” акчасын кайтарып ала албагандардын Whatsapp группасында 250дөн ашык адам бар. Мындан тышкары, кооперативдер жөнүндөгү мыйзамга ылайык, кооперативдин ар бир мүчөсү андан эркин чыга алат жана бул учурда ага өзүнүн үлүшүн же үлүшүнүн баасына барабар мүлк берилүүсү тийиш.

“ПолитКлиника” алардын ар бири менен байланышууга аракет кылды. 250 адамдан журналисттердин суроолоруна топтун 64 гана мүчөсү жооп берди. Алардын “Ихсанга” жалпы 60 миллион сомго жакын каражат салышкан.

Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, S-line кооперативинин мүчөлөрү 40 миллион сом зыян тартышкан. Жалпысынан “ПолитКлиника” кеминде эки кооперативдин аманатчылары 100 миллион сомго жакын зыян тартканын аныктады. 2022-жылдын апрель айынын курсу боюнча бул 1,2 миллион долларды түзөт.

Бул бир гана “ПолитКлиника” элдин сөзүнө таянып аныктаган сумма. Бул же башка кооперативдерге салынган акчалары, же бул топко кирбей калган пайщиктердин акчаларынын  жалпы суммасы мындан да жогору болушу мумкун.

Эмне учун мындай болуп жатат жана турак-жай кооперативдери кандай иштеши керек?

“ПолитКлиника”  журналисттери эмне себептен кооперативдерде мындай көйгөйлөр болуп жатканын билүү үчүн эксперттер жана мамлекеттик органдар менен сүйлөшүп көрдү. 

Кооперативдер биримдигинин жетекчиси Айнура Иманбекованын айтымында, Кыргызстанда 150гө жакын турак-жай кооперативи катталган. Бирок алардын канчасы иштеп, канчасы иштебей жатканы тууралуу расмий маалымат жок.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?
Айнура Иманбекова

Ошондой эле мындай кооперативдерге эч ким көзөмөл жасабайт. Иманбекова мындай кооперативдер башка өлкөлөрдө бар экенин, бирок алардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик органдар  жөнгө салып, көзөмөлдөп турарын түшүндүрдү.

“Мыйзамын иштеп чыгып, көзөмөлдү коюп, муну өркүндөтүш керек. Өз билемдикке таштап койбош керек. Биз абдан кечигип жатабыз”, — дейт Айнура Иманкулова. 

Ал ошондой эле азыр «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамда бул турак-жай кооперативдерине тиешелүү аныктама жок экенин, мыйзам аларды көзөмөлдөй албай турганын белгиледи. Иманбекованын айтымында, алардын функциялары, ишмердүүлүгү жана ачык-айкындуулугу боюнча көптөгөн суроолор жаралууда. Мыйзам боюнча кооперативдердин үч түрү бар: айыл-чарба кооперативи, турак-жай же турак жай-эксплуатациялоо кооперативи жана турак-жай курулуш кооперативи. 

Мисалы, Германияны кооперативтердин атасы деп айтабыз. Ал өлкөдө дагы муну катуу көзөмөлгө алып турушкан. Керек болсо ошол көзөмөлдөгөн федералдык орган, жетекчилери абийирсиз бир жолго барса, алмаштырып, жумуштан алып кое турган укукка ээ болгон. Бүгүнкү күндө мына ушундай ишмердүүлүктү бизде Улуттук Банк жасайт, алардын тажрыйбасы бар. Бул турак-жай кооперативдерин финансылык көзөмөлгө алышы керек”, — деп билдирди Айнура Иманбекова.

Экономист Кубан Чороев да өлкөгө же турак жай-курулуш кооперативдери боюнча жаңы мыйзам керек, же иштеп жаткан мыйзамга өзгөртүүлөр керек деп эсептейт — анын пикиринде, кооперативдердеги кезек кооперативдердин мүчөлөрү үчүн онлайн режиминде ачылып, турак-жайды берүү мөөнөтү кепилдебеши керек.

«Эгерде биз бул эки негизги пунктту мыйзамга киргизбесек, анда каржы пирамидалары жашай берет жана иштей берет», — деп түшүндүрдү ал “ПолитКлиникага” берген маегинде.

Улуттук банк эскертет

Турак жай-курулуш кооперативдеринин иши боюнча пикир алышуу учун журналисттер Кыргызстандын Улуттук банкына кайрылышты. Банктык эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Кутман Шакиров Улуттук банк турак жай-курулуш кооперативдерин көзөмөлдөбөй, лицензия бербей жатканын – бул кооперативдердин ишин мыйзам чегинде жөнгө сала турган мамлекеттик органдын жоктугунан улам, деп билдирди.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?
Кутман Шакиров

«Улуттук банк жеке кооперативдердин ишмердүүлүгү жарандар үчүн каржылоого жетүүнүн кепилдиктеринин жоктугу, депозитке салынган жана сатып алынган мүлктү жоготуу сыяктуу тобокелчиликтерге алып келиши мүмкүн деп эсептейт», — деди Шакиров. 

Ошондой эле 2020-жылдын февраль айында Улуттук банк жарандарды турак-жай кооперативдеринен сак болууга чакырган пресс-релизди чыгарган:

“Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда ар кандай уюмдардын, анын ичинде турак-жай кооперативдеринин жарнамалары активдүү жүрүп жаткандыгы байкалгандыгын билдирет. Көпчүлүк учурларда, уюм тарабынан мүлктү сатып алуу үчүн кардарга сатып алына турган мүлктүн (кыймылсыз мүлк, унаа ж.б.) наркынын 10дон 50%ына чейин төгүүнү, күтүү мөөнөтү аяктагандан кийин (көбүнчө 3 айдан 9 айга чейин) калган мүлктүн наркын төлөө сунушталат. Адатта, каржылоо боюнча ишмердүүлүк башка кардарлардын акчалай төгүмдөрүнүн эсебинен камсыз кылынат. 

Каржылоо толук кайтарылганга чейин мамлекеттик органда камакка алуу белгиленген шартта, мүлк көбүнчө кардарлардын атына таризделип берилет. 

Улуттук банк мындай жагдайларга олуттуу карап, жарандардын этият болуусуна чакырат. Анткени бул сыяктуу уюмдардын ишмердүүлүгүндө жарандар үчүн каржылоону алууга кепилдиктин жоктугу жана алынган мүлктүн жана салынган акча каражаттарынын жоголуп кетүү сыяктуу тобокелдиктер бар”,- деп айтылат билдирүүдө. 

Ушул эле пресс-релизде Улуттук банк жарандарды кооперативдерде каржы пирамидасынын белгилерин текшерүүнү өтүнүп, белгилерин тизмектеп берген:   

1. ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин жоктугу же мамлекеттик реестрлерге юридикалык жактын киргизилбегендиги; 

2. кардарларды тартуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда активдүү жарнамалоо; 

3. кийинки каржылоонун шарты катары күтүү мезгилинин, кирүү жана мезгилдүү төгүмдөрдүн болушу; 

4. ишмердүүлүк кардарлардын олуттуу санын тартуудан көз каранды; 

5. уюмдун уюштуруучулары, ээлери жана жетекчилери жөнүндө так маалыматтын жоктугу; 

6. уюм тарабынан каражаттар тартыла баштаганга чейин бир аз мурда гана каттоодон өткөн, уставдык капиталы минималдуу жана жалгыз эле уюштуруучусу бар; 

7. уюм банк рыногундагы кирешелүүлүктөн олуттуу ашкан салымдардын жогорку кирешелүүлүгүн көпчүлүккө убада кылат же кепилдик берет; 

8. уюм жогорку кирешелүү ишканага каражаттарды салууга убада берет, бирок аны документ менен тастыктай албайт.

Экономист Кубан Чороев “ПолитКлиника” медиасына берген маегинде эл алдамчылык схемалардан жумушчу кооперативди аныктоо үчүн дагы бир нече өзгөчөлүктөргө – жарандардын кезегинин ачык-айкындуулугуна жана турак-жай менен камсыз кылуунун кепилдиксиз мөөнөтүнө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?
Кубан Чороев

«Кооперативдин мүчөлөрүнүн кезекги түшүнүксүз болуп, «3-5-8 айда үй аласыз» деген кепилдик болсо, бул каржы пирамидасынын белгиси», — дейт ал. Чороев кооперативдин мүчөсү турак-жайды кезектин негизинде гана аларын, бирок кезек качан келери белгисиз экенин тактайт. 

«Бул кооперативдин экономикалык моделинин иштешине жараша болот. Балким 5 айдан кийин, балким бир жылдан кийин, балким эки жылдан кийин. Буга эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми кепилдик болсо, анда бул чыныгы каржы пирамидасы», — дейт Кубан Чороев

«ПолитКлиника» бардык кооперативдер Чороев же Улуттук банк айткан «финансылык пирамидалардын» белгилерине туура келеби же жокпу, тактай алган жок. Бул расмий түрдө бир гана учурда таанылган, милиция Бактыбек Аалиевди кармап, пресс-релизинде S-Line кооперативин пирамида деп атаган.

Кооперативдер союзунун жетекчиси Иманбекова мындай кооперативдерди өз убагында мыйзам чегинде көзөмөлгө албаса, келечекте абал мындан да оорлошу мүмкүн деп эсептейт. 

«Кооперативдерди мамлекет эмитен эле көзөмөлгө алышы керек, мыйзамда алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган конкреттүү беренелер же аныктамалар жок. Негизинен коммерциялык эмес кооперативдердин ишин жөнгө салган так мыйзам жок. Алар азыркы мыйзамдардын негизинде иштешет. Бирок бул мыйзам аларды жөнгө сала албайт», — деди ал.

Кооперативдер кимге таандык жана алар дооматтарды кантип түшүндүрүшөт

“ПолитКлиниканын” журналисттери текстте айтылган кооперативдерге ээлик кылган жана башкарган юридикалык жактарды Юстиция министрлигинин маалымат базасынан текшеришти. Булар «Ихсан Групп ЛТД», «S-line», «Биринчи турак жай кооперативи» жана «Ак уй Кейжи».

“Ихсан” кооперативи 2020-жылдын 14-сентябрында түзүлгөн. Жетекчиси – Ермат Абылкасымов аттуу чала тааныш адам. Учурдагы уюштуруучулар тууралуу маалымат жабык.

Бирок журналисттер кайра каттоодон өткөнгө чейин сегиз негиздөөчү тууралуу маалыматты таап алышкан.  

Ачык булактардан негиздөөчүлөрү тууралуу маалыматты таба алган жокпуз. Бирок, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо Турдуматова Ыкыбал Нурдиновна атуу жаран талапкер Курсан Асановдун шайлоо фондуна 140 000 сом, Келдибаева Айдай Данияровна атуу жаран болсо 100 000 сом кошушкан. “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин негиздөөчүлөрүнүн арасында дал ушундай фамилиядагы аялдар табылган.

Асанов жана «Ихсан» кооперативинин ортосунда башка байланыштар табылган жок, ошондой эле «Ихсандын» түзүүчүлөрү менен башка саясатчылардын же чиновниктердин ортосунда байланыш табылган жок.

ММКда өзүн «Ихсан» кооперативинин негиздөөчүсү деп тааныштырган Бекмурзаева Акинай Төрөбековна Юстиция министрлигинин базасында кооперативдин негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн эмес. 

“S-Line” кооперативинин негиздөөчүсү Бактыбек Аалиев дагы “Safe Business” компаниясынын негиздөөчүсү экенин министрликтин базасынан көрүүгө болот.

«Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативи 2017-жылдын 23-ноябрында катталган. Жетекчиси Бердияр Исматиллаев. Уюштуруучулар 7 адам, алар тууралуу эч кандай маалымат табуу мүмкүн болгон жок. 

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери кооперативдердин бир нече өкүлдөрү менен маектешип, алардын дарегине айтылган даттануулар жана айыптоолорго комментарий алышты. Текст жарыяланган учурга эки гана кооперативдин жетекчилери комментарий беришти.

“Ихсан” кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева “ПолитКлиника” медиасына маек берүүгө макул болду. Ал түшүндүргөндөй, турак-жайларды берүү кечеңдеп жатканы бир гана «Ихсан» кооперативинде эмес. Эмне үчүн кечигүүлөр болуп, элге акча төлөнбөй жатат деген суроого Бекмурзаева кооператив форс-мажордук кырдаалга туш болгонун, кийин аны журналисттер курчутканын айтты. Бирок Бекмурзаева алардын башына кандай форс-мажор болгонун так түшүндүргөн жок.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?
Акинай Бекмурзаева

«Журналисттер күнөөлүү. «Ихсан» кооперативинде эле ушундай маселе болсо, анда “Биз иштей албайбыз” деп айтмакмын. Азыр «Ихсан» кооперативинин системасында мүчүлүштүктөр бар. Бирок бир эле “Ихсан” эмес, Кыргызстандын бардык кооперативдерине социалдык тармактар ​​аркылуу зыян келтирип жатасыңар. Анткени сиз туура эмес маалымат берип жатасыз», — деди ал.

Ал кооператив алдамчылык менен алектенип жатканын четке кагып, ал эми кооператив жоюлган учурда бардык мүчөлөрү акчасын кайтарып аларын билдирди.

«Чет өлкөдө эсеп ачкан жокпуз жана акчаны алып алган жокпуз. Элдин акчасы камактагы батирлердин саны менен эсептелет. Кооператив токтоп, жаңы адамдар бизге келбей калса, бул кайтарылуучу каражаттардан эл акчасын алышат. Ал эми кооперативдин ар бир мүчөсү буга макул болсо, кооперативдин мүлкүн сатып, ошол акчадан үлүшчүлөрдүн акчасын кайтарып беребиз», — деди ал.

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери “Биринчи турак жай” кооперативинин жетекчиси Бердияр Исматиллаевге да кайрылышкан. Анын айтымында, анын кооперативинде чындап эле андан чыгып, акчанын баарын кайтарып берүүнү каалаган бир нече адамдар бар. Исматиллаев жарандардын салымдарын арыз жазгандан кийин кайтарып берүүгө даяр экенин түшүндүрдү. Бирок ал сумманы толугу менен кайтарып бере албастыгын кошумчалады.

Кепилдиктин жоктугу, акчаны жоготуу, каржы пирамида схемалары: Кыргызстанда турак жай-курулуш кооперативдери кандай иштейт?
Бердияр Исматиллаев

“Ал жерде же акчадан жок, же үйдөн жок деген сөздөр болду. Кооперативден чыгууну каалагандар биринчи арыз жазышы керек. Андан кийин биз алардын акчасын өздөрүнүн эсептик счетуна которуп беребиз. А бул жерде 31 пайыз каражат кошкон кишилер “Биз акчаны толугу менен алып кетебиз” деп атышат. Келишимде 6 пайыз кооперативге кирүү акысы, 25 пайыз бул үлүштүк салым (пай) болот. Биз, “Келишимге ылайыктуу азыр арыз жазсаңар, 25 пайызыңар кайтарылып берилет” десек, алар буга макул болбой ушундай көрүнүш болуп атат. Же чыгам десе арыздары жок. Арызы жок биз акча которо албайбыз да. Толук бересиңер деп ушундай кылып жатышат”, — дейт ал. 

Исматиллаев кооперативден чыгууну каалагандар 2019-жылдан бери турак-жай күтүп жатышканын, бирок пандемиядан улам кечигип жатканын айтты. Ал “Биринчи турак жай” ачык-айкын иштеп жатканын тактап, кооператив каржы пирамидасы экенин четке какты.

“Бизде баары ачык-айкын. Биринчиден, тизме ачык-айкын интернетте турат. Аны ар бир мүчө кирип көрө алат. Акча каражаты банкта. Анын тарыхчасын караса, баары ачык-айкын чыгат. Биздин кооперативдикиндей ачык-айкындык жок”, — деп билдирди Исматиллаев. 

Урматуу жарандар! Эгерде турак-жай кооперативи тарабынан жабыркап, ал боюнча кайрылуу жасоону кааласаңыз биздин медиага кайрылсаңыздар болот.  WhatsApp +996227761201

Автор: «ПолитКлиника»
Фактчекер: Асель Сооронбаева, Инна Кывыржик

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр