«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды

  • 2 года мурун

«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата 209 (алдамчылык), 210 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) беренелери боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Март айынын башынан бери республиканын бардык аймактарынан кооперативге кирген жарандардан көптөгөн арыздар келип түштү. Кыргызстандыктар кирүү акысын – 4 жана 7 пайызын, ошондой эле сатып алынуучу мүлктүн наркынын 25 пайызын, 35 пайызын жана 50 пайызын баштапкы төлөмдөрдү төлөштү. Бирок алар турак-жай, автоунаа алышкан эмес. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара алышпай жатат. Натыйжада «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин жетекчилиги 121 миллион 314 миң сом чыгымга учураткан. 11-июлда бул кылмышты жасоого шектелип кооперативдин директорлор кеңешинин төрайымы 47 жаштагы Б.А. кармалды. Ал Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, «ПолитКлиника» медиасы аталган кооператив боюнча иликтөө жасаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты