Ички иштер министринин орун басары: «Аксакалдын 120 миң сомун уурдаган жаранды кармап, жоопкерчиликке тартабыз»

  • 2 года мурун
Ички иштер министринин орун басары: «Аксакалдын 120 миң сомун уурдаган жаранды кармап, жоопкерчиликке тартабыз»

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Русланбек Жакышов Токмоктогу мал базардан 120 миң сомун уурдаткан жаран боюнча суроо берди.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев: «Токмоктогу уурулук боюнча маалымат чыккандан кийин аксакалды таптык. Анын арызы кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада кылмышка шектүүлөрдү кармап, жоопкерчиликке тартабыз», — деди.

16-октябрда Токмок шаарындагы мал базарда аксакал кишинин 120 миң сомун уурдап кеткен. Ошол учурда базарда тургандар ага 115 миң 500 сом чогултуп беришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты