Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов Кыргызстанда мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын

10-августта Бишкек шаарында жеңил салмактагы мурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов негиздеген Eagle Fighting Championship уюмунун турнири өттү. Иш-чараны өткөрүү үчүн Орусиядан Хабиб Нурмагомедов жана блогер Хасбулла Магомедов командасы менен келди.

Социалдык тармактын колдонуучулары мушкер менен блогер Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында конок болгонун айтып, аны президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров уюштурганын жазышууда. Соцтармактын айрым колдонуучулары бул мыйзамсыз экенин айтып, Рустам Жапаровду сынга алышты.

Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов Кыргызстанда мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтардын аныктыгын жана мамлекеттик резиденцияда мушкердин конок болуусу мыйзамдуу болуп-болбогонун текшерип көрдү.

Мушкер Хабиб Нурмагомедов Инстаграм баракчасында турнирдин жүрүшү тууралуу гана маалыматтар менен бөлүшкөн

Ал эми блогер Хасбулла Магомедов Кыргызстанга келгенде тарта Инстаграмдын тарыхча бөлүмүндө видеолор менен байма-бай бөлүшүп турган. Видеолордон коноктор Бишкектен тышкары Ысык-Көлдө дагы болгонун көрүүгө болот. Хасбулла бөлүшкөн видеолордун бири Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда тартылган. 

Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов Кыргызстанда мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын
Хасбулла Магомедовдун Инстаграм баракчасындагы видеодон скриншот
Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов Кыргызстанда мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын
Туристтик операторлордун сайтынан алынган сүрөт, Чолпон-Ата, мамлекеттик резиденция
Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов Кыргызстанда мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын
Туристтик операторлордун сайтынан алынган сүрөт, Чолпон-Ата, мамлекеттик резиденция

Блогер бөлүшкөн видеолордун дагы бири Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында тартылган. Видеодон этно-стилдеги “Эне-Сай” кабыл алуу жайын (reception) жана анын тегерегиндеги боз үйлөрдү, ошондой эле жашыл чатырлуу конок үйүн көрүүгө болот. 

Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов Кыргызстанда мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы, “Эне-Сай” кабыл алуу жайы
Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов Кыргызстанда мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы, конок үйү

Турнирге келген орусиялык дагы бир мушкер Шамиль Завуров Инстаграм баракчасына президенттин уулу Рустам Жапаров жана “Бишкек Ойл” компаниясынын башкы директору Айбек Монолов менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Сүрөт мамлекеттик резиденциянын “Аксакалдар залында” тартылган. Мушкер сүрөткө “Меймандостук үчүн рахмат, туугандар” деп билдирүү калтырган.

Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов Кыргызстанда мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы, «Аксакалдар залы»
Хабиб Нурмагомедов менен Хасбулла Магомедов Кыргызстанда мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы, «Аксакалдар залы»

Завуров башка бир билдирүүсүндө турнир тууралуу маалымат берип, аны уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирген. 

“Айрыкча Кыргыз Республикасынын жетекчилигине колдоосу үчүн, ошондой эле турнирди жогорку деңгээлде уюштурууга жардам берип,  ар дайым  бизди кабыл алган Айбек Моноловго [ыраазычылык]”, — деп жазган мушкер.

“Кыргыз Республикасынын президентинин №1 мамлекеттик резиденциясы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо бул мекеменин негизги милдеттери жана функциялары жазылган. Ага ылайык, бул мекеме коммерциялык эмес мүнөздөгү башкаруучулук, социалдык-маданий функцияларды аткаруу үчүн түзүлгөн. Мекеменин негизги максаты киреше табуу эмес. Бирок жободо мекеме өзүнүн максаттарына жетүү жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү иш (ишкердик)  менен алектене алары жазылган.

Мамрезиденциянын негизги милдети болуп Кыргызстандын президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн материалдык-техникалык, социалдык-тиричилик жактан тейлөө; мамлекеттик жогорку деңгээлде өтүүчү визиттерди камсыздоо жана тейлөө; ошондой эле президенттин, премьер-министрдин жана Жогорку Кеңештин төрагасынын мамлекеттик протоколдук иш-чараларын өткөрүү үчүн негизги аянтча болуп берүү саналат. 

Президенттин иш башкармалыгынын сайтында №1 “Ала-Арча” резиденциясында расмий иш-чараларды, конференцияларды өткөрүү боюнча кызматташууну сунуштаган жарнама илинип турат. Анда иш-чаранын катышуучуларын конок үйлөрдө жайгаштыруу дагы каралганы жазылган. Жарнамада резиденция сунуштаган конференц-залдар, конок үйлөрү жана кызматтар тууралуу кеңири маалымат берилген. Мисалы, Шамиль Завуров, Айбек Монолов жана Рустам Жапаров бирге сүрөткө түшкөн “Аксакалдар залы” 30 адамга ылайыкташканы, бир күндүк ижара акысы 12 миң 139 сом экени жазылган. 

“Спутник Кыргызстан” агенттиги 2019-жылы “Ала-Арча” резиденцияда той өткөрүүгө болорун же болбосун билүү үчүн президенттин администрациясына кат жолдогон

Администрация резиденцияда жеке мүнөздөгү иш-чаралар: үйлөнүү-үлпөт тою, юбилейлер жана башка мааракелерди өткөрүүгө уруксат берилбей турганын билдирген. Ошондой эле андагы конок үйлөр жеке жана туристтик максатта берилбесин айткан. Тактап айтканда, резиденциядагы конок үйлөр расмий иш-чараларга келген коноктор үчүн гана берилет. 

Ал эми сөз болуп жаткан турнирдин жүрүшүндө расмий жолугушуу же конференция өткөнү тууралуу маалымат чыккан жок. Демек, орусиялык мушкер менен блогердин аталган мекемеде конок болуусуна дагы негиз жок эле.

Биз бул боюнча «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын директору Адилет Билимбек уулунан комментарий алуу үчүн байланышып, жооп ала алган жокпуз.

Жыйынтык: Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жана блогер Хасбулла Магомедов Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө Бишкектеги жана Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда конок болгону чын. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты