Грузиянын президенти “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам боюнча Конституциялык сотко арыз берди

  • 2 месяца мурун

Грузиянын президенти  Саломе Зурабишвили “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп Конституциялык сотко арыз берди.

Бул тууралуу басма сөз жыйынында мамлекет башчынын катчысы Георгий Мсхиладзе билдирди.

Президент арызында бул мыйзам Конституциянын 78-беренесине каршы келерин билдирди. Аталган беренеде бардык конституциялык органдар өз полномочиесинин чегинде ЕБ жана НАТО менен кызматташат. Мыйзамдагы бир нече нормалар Конституция тарабынан кепилденген адам укуктарына каршы келери айтылат.    

Европа биримдиги (ЕБ) Грузия менен интеграция процессин убактылуу токтотту.Бул тууралуу ЕБдин Грузиядагы элчиси Павел Герчинский биримдиктин кеңейишине арналган Тблисидеги эл аралык конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы грузин өкмөтүнүн ниети Евробиримдиктин лидерлерине түшүнүксүз. Ал Грузияда жакында эле кабыл алынган «Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө» мыйзамды «башка жетишкендиктердин фонунда артка жасалган кадам» деп атады.

Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили Орусиянын «чет элдик агенттер» мыйзамынын көчүрмөсү деп сынга алынып жаткан «Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө» бир ай мурда мыйзамга кол койду

Мыйзам долбооруна оппозиция каршы болуп, ага каршы өлкөдө нааразылык акциялар өткөн. Документти Батыш өлкөлөрү сынга алып, Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили ага вето койгон. Бирок бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламентте ветону жоюуга жетиштүү добуш топтоп, аны жокко чыгарган.

Жаңы мыйзамга ылайык, августтан тарта каржылануусунун 20% сырттан болгон жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен бейөкмөт уюмдар чет өлкөлүк күчтөрдүн кызыкчылыктарын сүрөгөн уюм катары каттоодон өтө башташы керек. «Кавказ жаңырыгы» белгилегендей, Грузиядагы онлайн ЖМК жана бейөкмөт уюмдардын дээрлик көпчүлүгү Батыштын фонддорунан каржыланып иштешет.

Сүрөттө: Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты