Грузияда 26-октябрда парламенттик шайлоо өтөт

  • 3 недели мурун

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 26-октябрда парламенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Президенттин жарлыгы менен өлкөдө расмий түрдө шайлоо өнөктүгү башталды. Быйыл Грузиянын 150 депутатынан турган парламенти алгачкы жолу пропорционалдык гана система боюнча тандалат.

Буга чейин башкаруучу «Грузин кыялы» партиясынын шайлоодогу негизги атаандашы мурдагы президент Михаил Саакашвили негиздеген «Бирдиктүү улуттук кыймыл» болору кабарланган.

Грузиянын азыркы президенти Саломе Зурабишвили оппозиция орусиячыл партия деп эсептеген «Грузин кыялынын» аракеттерин сынга алып келет. Быйыл май айында ал парламент кабыл алган «чет элдик агенттер» мыйзамына вето койгон.

Оппозиция бул мыйзам долбооруна каршы добуш берген. Өлкөдө мыйзамдын кабыл алынышына каршы бир нече жума нааразылык акциялар өтүп, алар кармоолор, кагылышуулар жана полициянын атайын каражаттарды колдонуусу менен коштолгон.

«Грузин кыялы» партиясы парламентте көпчүлүккө ээ болгондуктан, көпчүлүк добуш менен президенттин ветосу жоюлуп, мыйзам кабыл алынган.

Сүрөттө: Саломе Зурабишвили. TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты