Глобалдык үзгүлтүккө байланыштуу жүздөгөн компания ишин токтотту

  • 2 месяца мурун

Windows 10 операциялык системасындагы глобалдык мүчүлүштүктөн улам дүйнө өлкөлөрүндөгү аэропорттор, бекеттер, банктар жана башка ири мекемелер ишин токтотту.

Мүчүлүштүк америкалык, түркиялык, индиялык жана австралиялык ири авиакомпаниялардын, Германия менен Испаниядагы аэропорттордун жана Улуу Британиянын темир жол бекеттеринин ишин үзгүлтүккө учуратты. Мүчүлүштүктөн улам Sky News телеканалы эфирин токтотууга аргасыз болду.

Microsoft корпорациясы Windows 10 операциялык системасындагы мүчүлүштүк CrowdStrike антивирустук программаны жаңылоодогу катадан улам болгонун билдирди. Компания бул киберчабуул эмес экенин белгилеп, «кесепеттерди жеңилдетүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын» кошумчалады.

Мүчүлүштүктөн улам бюджеттик Frontier авиакомпаниясы айрым каттамдарын жоюуга аргасыз болду. АКШнын жарандык авиация башкармалыгы глобалдык мүчүлүштүктөн кийин жаралган байланыштагы көйгөйлөрдөн улам United Airlines, Delta Airlines жана American Airlines авиакомпаниялары учууларын убактылуу токтотконун билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты