Акылбек Жапаров темир жолго алынчу насыя мамлекеттин эмес, компаниянын мойнуна илинерин айтты

  • 3 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорунун мааниси, ишке ашырылышы жана каржылоо маселелери жөнүндө билдирүү жасады.

Бул тууралуу пикирин ал административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийинки сөзүндө айтты.

Акылбек Жапаров бир күн мурун тиешелүү макулдашууну колдоп бергени үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорлору кылым курулушу болуп каларын белгиледи. Ал ошондой эле курулушка алынып жаткан насыя ортодо түзүлгөн компаниянын мойнуна илине турганын кошумчалады.

«Бул жерде дагы бир маселеге көңүлүңүздөрдү буруп койсок… Бул BOT (BOT – Build – Operate – Transfer, КЭӨ – курулуш – эксплуатация – өткөрүп берүү) ыкмасы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө курулуп жатат. Биздин мамлекетте тышкы карыз көбөйбөйт. Бул эки ири курулуш тең өзүн-өзү актаган коммерциялык курулуш болуп калат» деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңеш 19-июндагы жыйынында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу тууралуу үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап, үч окууда кабыл алган.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев анда баяндама жасап жатып, долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар болорун билдирген.

Мунун тең жарымы – 2 млрд 332 млн долларды үч мамлекет чогуу чыгарат. 51%ын Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.

Сумманын экинчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзөт. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Кошкон каражаттарына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев парламенттин комитет жыйынында билдиргендей, темир жолду үч өлкө 31 жыл биргелешип иштеткен соң ал толугу менен Кыргызстандын балансына өтөт.

Курулуш быйыл августта башталары маалымдалган. Темир жол «Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад – Анжиян» багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

2024-жылдын 6-июнунда Бээжин шаарында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген.  

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты