Гүлшат Асылбаева экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды

  • 2 недели мурун

Экс-депутат, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын экс-төрайымы Гүлшат Асылбаева экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты ЖМКга аталган министрлик тастыктады.

Гүлшат Асылбаева экономика министринин экс-орун басары Айнур Усенбекованын ордуна дайындалган, экс-орун басар Японияга окууга кеткендигине байланыштуу кызматтан бошонгон.

Гүлшат Асылбаева 1960-жылы 27-августта Казакстандын Жамбул облусунун Кордай районунун Георгиевка айылында туулган. 1982-жылы Москвадагы соода институтун сырттан окуп, экономист адистигине ээ болгон. “Шумкар” акционердик коомунун директору, “Кыргыз коньягы” жоопкерчилиги чектелген коомдо башкы директор кызматында эмегектенген, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын экс-төрайымы болгон.

Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеңештин депутаты кезинде чуулгандуу «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды алгач “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деген ат менен сунуштаган. Бир топ юристтер жана активисттер бул мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын айтып, бир катар нааразылык акцияларын уюштурушкан.

Мындан улам ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамды артка кайтарган. Бирок 2020-жылы октябрь окуясынан кийин парламентте мыйзам долбоорун талкуулоо маселеси кайрадан көтөрүлгөн. Мыйзам долбоору «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлгөн. 

Мыйзам 2021-жылы бир топ талаш-тартыштардан кийин кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, доосу бар тарап ЖМКга “фейк” маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөрү көрсөтүлгөн. Мыйзамды аткаруу милдети маданият министрлигине берилген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты