Гүлайым Эркебаева Балбак Түлөбаевди айыптап, президентке кайрылуу жасады

  • 2 месяца мурун

Мурдагы сот Гүлайым Эркебаева президент Садыр Жапаровдун атына кайрылуу жасады.

Ал кайрылуусун өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялаган. Эркебаева кайрылуусунда сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясынын бош кызмат ордуна конкурстук тандоо 12-июнда болуп өткөндүгү айтылган.

Конкурстун жүрүшүндө аталган Кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев ага карата психологиялык басым жасап, жарандык укугун тебелегендиги айтылган.

Гүлайым Эркебаеванын айтуусу боюнча, Балбак Түлөбаев конкурстун башталышында эле сөз алып, аны сот системасына жолотпош керек экендигин, ага окшогондор сот системасын уят, жек көрүндү кылып жатканын айткан.

 “Андан кийин отурумдун добуш берүү этабына жеткенде мага сынактын алкагында берилген суроолордун дээрлик бардыгына жооп бергендигиме карабастан объективдүүлүктөн тайып «0» деген баллды коюп чыкты” деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле, Гүлайым Эркебаева Түлөбаев бул кылыгын анын мурда жалган жалаа менен кармалганынан улам жасап жатат деп билдирген. Анын айтымында, 7 жылдык күрөштүн натыйжасында ал сот тарабынан акталган жана укугу реабилитацияланган.

Эркебаева Балбак Түлөбаев соттун актоо чечимин көзгө илбестен, анын адамдык укугун тебелеп жатат деп айыптап, Садыр Жапаровдон анын бул аракеттерине бөгөт коюусун суранган.

Гүлайым Эркебаева — академик Абдыганы Эркебаевдин кызы.

Сүрөттө: Гүлайым Эркебаева, Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты