Футбол: Кыргызстан улуттук курама командасы Ооганстан жана Иран курамалары менен беттешет

  • 1 год мурун

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 10-июндан 16-июнга чейин CAFA Nations Cup 2023 эл аралык турнири өтөт.

Кыргызстандын курама командасы 10-июнда Ооганстан, 16-июнда Ирандын курама командалары менен ойнойт. Эки беттеш тең саат 20:00дө башталат.

Бул улуттук курама команданын машыктыруучу Штефан Тарковичтин жетекчилигиндеги алгачкы беттештери болмокчу. Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Словакиядан келген Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты