Азия Кубогу: Улуттук кураманын тизмеси бекиди

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы Азия Кубогуна катышуу үчүн кураманын акыркы тизмесин бекитти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси билдирди.

Маалыматка ылайык, тизмеге 26 оюнчу кирди. Алар БАЭде жана Катардагы турнирге болгон даярдыгын улантат.

Улуттук кураманын акыркы курамы төмөндө:

Дарбазачылар:

Токотаев Эржан («Шанлыурфаспор», Түркия), Исламкулов Марсель («Абдыш-Ата»), Чомоев Султан, Нурланбеков Курманбек (экөө тең – «Дордой»).

Коргоочулар:

Жыргалбек уулу Кайрат, Браузман Християн, Акматов Айзар (бардыгы – «Абдыш-Ата»), Дүйшөбеков Бактыяр (клубу жок), Козубаев Тамирлан («Истерн», Гонконг), Сагынбаев Бекжан, Мамыралиев Сүйүнтбек (экөөнүн тең клубу жок), Мищенко Александр («Дордой»), Шамурзаев Амантур («Абдыш-Ата»).

Жарым коргоочулар:

Абдурахманов Одилжон (клубу жок), Кадыржанов Адиль («Дордой»), Мерк Кай («Унион Титус Петанж», Люксембург), Алмазбеков Бекназ («Галатасарай», Түркия), Мерк Кими («Пахтакор», Өзбекстан), Алыкулов Гулжигит («Неман», Беларусь), Сталбеков Нурдөөлөт (клубу жок), Джумашев Атай, Мусабеков Фархат, Азаров Азим (бардыгы – «Абдыш-Ата»).

Чабуулчулар:

Батырканов Эрнист («Абдыш-Ата»), Жоэл Кожо («Динамо-Самарканд», Өзбекстан), Токтосунов Дастан («Нефтчи»).

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты