“Фокус” программасында манипуляциянын ыкмалары, “кастык тили” колдонулуп, автор өзүнүн пикирин аудиторияга таңуулаган

“Фокус” программасында манипуляциянын ыкмалары, “кастык тили” колдонулуп, автор өзүнүн пикирин аудиторияга таңуулаган

Исмат Ибрагим аттуу журналист Фейсбуктагы баракчасына “Фокус” деген автордук программасы менен чыгарган видеосун жарыялады. Анда ал жети редакциядан түзүлгөн Checkit Media аттуу платформа тууралуу сөз кылган. Исмат Ибрагим бул видеонун алдына “Ыдырыс Исаковго окшогон букалар кайсы акырдан жем жеп семирип, буйтап, булкунуп жатканын  сиз да көрүп, билип алыңыз”, — деп жазган.

Видеодо эмне тууралуу айтылат?

Исмат Ибрагимдин “Чет өлкөдөн каржыланып, Кыргызстанда эркин медиа катары иштеп жаткан маалымат каражаттарынын “чыныгы миссиясы” тууралуу кеп кылабыз” деп баштаган видеосу 7 эркин медианы каралоо менен башталган. Анда Checkit Media аттуу жаңы платформанын алкагында бириккен Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары жөнүндө сөз кылган.

“ПолитКлиника” медиасы аталган видеону анализдеп, анда манипуляциянын ыкмалары жана “кастык тили” колдонулганын аныктады. 

  1. “Интерньюс” гранттык акчаларын маалыматтык манипуляциясын ишке ашыра турган долбоорлорго гана жумшап келет”.

“Checkit Media аттуу платформагаИнтерньюстун” “Медиа-К” долбоору акчалай колдоо көрсөтөт. “Эркин ЖМК жана көз карандысыз журналисттерди колдойбуз” деген ураанды жамынган “Интерньюс” уюмунун дүйнөнүн жүздөй өлкөсүндө атайын кеңселери бар. Маалыматтык багытта ар кандай тренингдерди өткөрүп, атайын гранттарды бөлүп иштеп келе жатат. Бирок “Интерньюс” ар дайым өз урааны менен иш алып бара бербейт. Чындык деп чыркырагандардын баарынын эле акчасын кармата койгондой акмактардан эмес. Гранттык акчаларын өздөрүнүн маалыматтык манипуляциясын ишке ашыра ала турган, аларга кызмат көрсөтө турган долбоорлорго гана жумшап келет”.

Журналисттин “Интерньюс” уюму гранттык акчаларын маалыматтык манипуляциясын ишке ашыра турган, аларга кызмат кыла турган долбоорлого гана жумшап келет” деген сөзү аталган уюмду далили жок айыптаган. Мында манипуляциянын дезинформация, калп ыкмалары колдонулган. 

  • дезинформация – маалыматты бурмалоо; 
  • калп — фактыларды бурмаланган түрдө көрсөтүү, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү.

Мындан тышкары, бул жерде Журналисттердин этикалык кодексинин 10-беренеси бузулган. 10-берене боюнча, фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

  1. “Интерньюс” Борбор Азиядагы ММКларды өз кызыкчылыгына карата колдонууну көздөп келет”

Видеодо “Интерньюс” уюму Борбор Азиядагы ММКларды өз кызыкчылыгына карата колдонууну көздөп келери айтылат: 

“Интерньюс” Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстанда иштейт. Ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстанда атайын өкүлчүлүктөрү бар. Муну менен “Интерньюс” Кыргызстан менен катар эле жалпы Борбор Азиядагы ММКларды көзөмөлгө алып, кийинчерээк өз кызыкчылыктарына карата колдонууну көздөп келет”.

“Интерньюс” уюму кийинчерээк Борбор Азиядагы ММКларды өз кызыкчылыгына карата колдонууну көздөп келет” деп автор уюмду далилсиз жана бир жактуу каралаган. Мында дагы автор манипуляциянын дезинформация жана калп ыкмаларын пайдаланган.

  1. “Бир өлкөнү сырттан талкалоого кызмат кылат”

Геосаясаттагы сырдуу оюндарда “Интерньюс” сыяктуу мындай медиа уюмдарга өзгөчө көңүл бурулат. Ал үчүн миллиондогон долларлар жыл сайын бөлүнөт. Буларга бөлүнгөн каражаттар узак мөөнөттүү дүйнөлүк ири саясий амбицияны көздөйт. Элдин аң-сезимин өзгөртүү, буруу, өз ыңгайына салууга, башкарууга жумшалат. Бир сөз менен айтканда, бир өлкөнү сырттан талкалоого кызмат кылат. Ал эми өлкөнү сырттан талкалоо үчүн 3 нерсе гана жетиштүү болот. 

  1. караңгы, сабатсыз, билимсиз, ыймансыз, бөлүнүп, жарылууга даяр коом;
  2. сатылган же сатып алынган оппозиция;
  3. тыштан каржыланган медиа жана акчага сайраган активисттер. 

Эгер ушул үч нерсе сиздин колуңузда болсо баш көтөргөндүн баарын басып, кандай гана бийиктеген бийлик болбосун кулатып, кандай гана күчтүү өлкө болбосун кыйратып, жер менен жексен кылып, кандай гана кайраттуу лидер болбосун канатын кайрып, кайраттуулугунан жаздырып коё аласыз. Мындай рычагдар тарыхта көп колдонулду. Азыр дагы актуалдуу эле иштеп келет”.

Бул бөлүктө автор оппозицияга, журналисттерге карата “кастык тилин” колдонуп, далилсиз өз божомол пикирин кошкон. 

  1. “Тактыкка караганда бурмалоого багытталгандай сезилет”

Жогоруда аты аталган жети медианы автор маалымат таратуу тактикасы бурмалоого багытталганын белгилеген:

“Жазганы менен сүйлөгөнү маалымат таратуудагы тактикасы менен практикасы көбүнчө тактыкка караганда бурмалоого багытталгандай сезилет. “Эл тараза, эл сынчы” дегендей коомчулук дагы мындай медиа компаниялардын эмнени, кантип жазып, кандайча жайылтып жатканын байкап, баам салып эле турат”.

Автор бул жерде өзүнүн жеке пикирин таңуулап, божомолдорун айткан. Ошону менен Журналисттик этиканын 10-беренеси бузулган. “Масштабды бурмалоо” аттуу манипуляция ыкмасы колдонулган.

Масштабды бурмалоо –  окуялардын маанисин төмөндөтүү же апыртуу максатында алардын реалдуу масштабын өзгөртүү.

Автор тууралуу эмнелер белгилүү?

“Клооп” басылмасынын маалыматына ылайык, Исмат Ибрагим мамлекеттик 5-каналда жана NewTV телеканалында иштеп келген. Азыркы учурда ал «Дүйнө кыдыр» автордук берүүсүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу делген 7-каналдын колдоосу менен жасап, аталган каналдын эфиринде көрсөтүп келет. 

Checkit Media платформасы тууралуу

Кыргызстанда фейк жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн жети редакция биригип, Checkit Media аттуу жаңы платформа түзүлгөн. Бул “Интерньюстун” “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашкан. Алар:  Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары.

Буга чейин 2020-жылдан тартып 4 редакция: Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg жана  “Апрель ТВ” “Медиа-БлокПост” аттуу улуттук платформага биригип, пандемия убагында дезинформация менен активдүү күрөшүп келген. Медиалардын бирдиктүү иш алып барышы COVID-19 пандемиясынын учурунда калк арасында чуу жараткан фейк жаңылыктардын агымы менен күрөшүүгө мүмкүндүк берди. 

Дезинформацияга каршы күрөш андан ары уланып, 2020-жылдагы шайлоо учурунда күч алган манипуляция, саясий кризис жана кара PRга каршы жүргөн. 

Мындан тышкары, фактчекерлер Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 2021-жана 2022-жылдардагы чек ара жаңжалдарындагы фейктерге каршы ыкчам күрөшкөн. 

Мурдагы “Медиа-БлокПост” азыр Checkit Media деп аталат. Бүгүнкү күндө фейктерге каршы күрөшкөн массалык маалымат каражаттарынын саны көбөйүп, шериктештикке Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кошулду. Мындан ары 7 редакция биригип, Checkit Media брендинин аты менен иштейт. 

Жыйынтык: Исмат Ибрагимдин жети редакциядан түзүлгөн Checkit Media аттуу платформа тууралуу 6 мүнөттүк автордук программасында манипуляциянын ыкмасы жана “кастык тили” бир нече жолу пайдаланылып, журналисттик этиканын бузулушуна жол берилген. Ошону менен катар эле анда автордун пикири аудиторияга таңууланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты