Финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө багытталган долбоор аяктады

  • 2 года мурун

Кыргызстанда Финансылык көзөмөл органы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү” долбоору жыйынтыкталды.

2017-жылдын май айында башталган бул долбоордун максаты: Кыргызстанда корпоративдик финансылык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн бекемдөө жана анын сапатын жогорулатуу, корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу саясатын реформалоо жана модернизациялоо, Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттарга ылайык натыйжалуу институционалдык негизин түзүү, ошондой эле ишенимдүү финансылык ресурстарды окутуу, колдонуу, мониторинг жүргүзүү жана пайдалануу үчүн потенциалды түзүү болгон.

Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн жалпы 1 235 000 АКШ доллар өлчөмүндө  гранттык каражат бөлүнгөн. Ал эми долбоор Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы (СЕКО) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган.

Өнүгүүнү жана финансылык агартууну максат кылган долбоордун натыйжасы

Долбоордун жүрүшүндө:

Финансылык отчеттуулукту жөнгө салуу боюнча институттук жоопкерчиликтер жана каржылоо механизмдери так аныкталып, айрым мыйзам базаларына өзгөтүүлөр киргизилген.

«Аудитордук иш жөнүндө» жана “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, финансылык отчеттулуктун жана аудиттин сапатын жогорулатуу иштери жасалган.

Финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилип, ал стандарттар кыргыз тилине которулган.

Долбоордун дагы бир негизги максаттарынын бири Финансылык отчеттуулук боюнча билим берүү аркылуу бухгалтердик билимди жана сабаттуулукту күчөтүү, ЖОЖдордо бухгалтердик билим берүүнү күчөтүү, бухгалтерлерди жана аудиторлорду кесиптик даярдоону түзүү, финансылык отчеттуулук жана ачык-айкындуулук боюнча маалымдуулукту жогорулатуу боюнча да бир катар алгылыктуу иштер жасалган.

Бул максатты ишке ашырууда Финансылык отчёттуулуктун эл аралык стандарттарын (ФОЭС) колдонуу боюнча тиешелүү тармактагы адамдардын потенциалын жогорулатуу үчүн атайын 19 тренер окутулуп, даярдалган.

Жыйынтыгында атайын даярдыктагы тренерлер тарабынан өлкө боюнча 270 бухгалтерге, 271 ЖОЖдун окутуучуларына, аудитордук уюмдардын 96 кызматкерине, андан сырткары 62 массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө Финансылык отчёттуулуктун эл аралык стандарттарын (ФОЭС) колдонуу боюнча тренинг өтүлүп, жалпы 699 адам окутулган.

Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү долбоорунун (АФОӨД) менеджери Чолпон Сапарбаева, долбоор толугу менен өз максатына жетти, долбоордун башында пландалган иштер, күтүлгөн натыйжалар жана алдыга коюлган пландар толугу менен аткарылды деп эсептейт.

Долбоордун уюштуруучулары 5 жылдан ашык убакытка созулган бул долбоор, келечекте өлкөдөгү экономиканы кɵтɵрүүгɵ, финансылык отчёттуулуктун жана аудитордук ишмердүүлүктүн жогорулатууга бир топ салым кошот деген пикирде.

Финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө багытталган долбоор аяктады
Финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө багытталган долбоор аяктады
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты