Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу бар аккаунттар Чолпон Жакупованы бир тараптуу каралашкан

Фейсбукта бир канча аккаунт “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованы каралаган постторду бөлүшүштү. Анда “НПО аркылуу байыган бузуку аял”, “АКШнын башкарылма куурчагы”, “өлкө тынчтыгына каршы иш кылган агент” деген сөздөр айтылат.

“ПолитКлиника” медиасы Чолпон Жакупованы каралап жаткан аккаунттарды текшерип көрдү.

Чолпон Жакупованы каралаган аккаунттар

15-апрелде Фейсбукта Жыпара Турдукулова, Дамира Турусбекова, Эрлан Жунусов аттуу аккаунттар бир канча тайпаларга бирдей текст менен пост бөлүшүшкөн. 

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу бар аккаунттар Чолпон Жакупованы бир тараптуу каралашкан

Жыпара Турдукулова аттуу аккаунт ушул жылы 11-январда ачылган. Ал башкы сүрөтүн ушул күнү жүктөлгөн. Анын жалпы 433 досу бар, профилинде 4 сүрөт бар. Ал буга чейин “Кактус  Медианын” жетекчиси Дина Маслованы, Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган саясатчыларды, көз карандысыз медиаларды каралап пост жазып келген.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу бар аккаунттар Чолпон Жакупованы бир тараптуу каралашкан

Дамира Дурусбекова аттуу аккаунттун башкы бетинде артты караган кыздын сүрөтү турат. Анын 28 досу бар. Дурусбекова “Азаттыкка”, иликтөөчү журналист Болот Темировго, депутат Адахан Мадумаровго каршы постторду чыгарган. Ошондой эле президент Садыр Жапаровду колдоп билдирүү жазган. Бул аккаунттун фейк болуу ыктымалдуулугу жогору.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу бар аккаунттар Чолпон Жакупованы бир тараптуу каралашкан

Эрлан Жунусов аттуу аккаунттун 2021-жылы 8-июлда ачылганын байкаса болот. Анын башкы сүрөтү ушул күнү жүктөлгөн. Ал дагы “Азаттыкты”, Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы, активисттерди, депутат Адахан Мадумаровду, саясатчы Өмүрбек Суваналиевди каралаган посттор байма-бай менен бөлүшүп келет.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу бар аккаунттар Чолпон Жакупованы бир тараптуу каралашкан

Чынара Мамажакыпованын Жакуповага каршы жазган посту менен бир канча адам бөлүшкөн

Чынара Мамажакыпова ачык булактардагы маалыматтар боюнча, «Аярзат» коомдук бирикмесинин төрайымы, “Тынчтык” партиясынын төрайымы, бир кезде “Ыйман Нуру” партиясынын дагы мүчөсү болгон.

Мамажакыпова 15-апрелде “Американы карап ырсайган Жакупова, адам укугуна жамынып байыган НПОчулар” деген аталыштагы пост жарыялаган. Анда Азиза Абдирасулова, Чолпон Жакупова, Равшан Жээнбеков, Адахан Мадумаров жана башкалар тууралуу сөз болгон. 

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу бар аккаунттар Чолпон Жакупованы бир тараптуу каралашкан

Анын бул посту менен бир канча фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар бөлүшкөн. Алар: Гулнура Эрмекова, Темирбековна Турдукулова, Yasmin Kudratulla, Жиба Тд Дамир.

“ПолитКлиника” медиасы Гулнура Эрмекованын профилин анализдеп, андагы башкы сүрөт бул аккаунтка тиешеси жок экенин аныктаган. Анын профилинин башкы сүрөтү 2019-жылы ВКонтакте социалдык тармагындагы “Красивые люди Казахстана” деген аккаунтта жарыяланган. Бул аккаунт журналист Марат Уралиевди жапырт каралагандардын катарында болгон.

Темирбековна Турдукулованын профилин карап көрөлү. Бул аккаунттун башкы сүрөтүндө беткапчан аял турат. Анын бийликтин иштери боюнча жакшы маанайдагы посттор менен бөлүшкөнүн көрүүгө болот.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу бар аккаунттар Чолпон Жакупованы бир тараптуу каралашкан

Yasmin Kudratulla аттуу аккаунт буга чейин журналист Марат Уралиевди каралаган аккаунттардын бири. Бул “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча посттор менен бөлүшкөн. Мындан тышкары президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди мактаган постторду дагы бөлүшүп келет.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу бар аккаунттар Чолпон Жакупованы бир тараптуу каралашкан

Жиба Тд Дамирдун профилинде башкы сүрөт катары кичинекей бала менен чоң адамдын кол кармашкан сүрөтү турат. Бул аккаунттун президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди мактап, жактаган посттор менен дайыма бөлүшүп келгенин көрүүгө болот.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу бар аккаунттар Чолпон Жакупованы бир тараптуу каралашкан

Эске салсак, буга чейин “ПолитКлиника” медиасы Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар «Кактустун» журналисти Марат Уралиевди жапырт каралап чыгышканын жазган. Чолпон Жакупованы каралагандардын арасында буга чейин Марат Уралиевди каралаган аккаунттар дагы жүрөт. Алар Марат Уралиев тууралуу постторду 25-мартта ишемби күнү бөлүшүшкөн. Чолпон Жакупова тууралуу посттор  дагы ишемби күнү, 15-апрелде бөлүшүлдү.

Жыйынтык: Фейсбукта “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованы каралаган посттор бир күндө окшош текст менен бөлүшүлгөн. Аны бөлүшкөн айрым аккаунттардын фейк болуу ыктымалдуулугу жогору.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты