Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар «Кактустун» журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)

Фейсбукта Kaktus.media басылмасынын журналисти Марат Уралиевди каралаган посттор жарыяланууда. Анда журналисттин аброюна шек келтирген ар кандай сөздөр жазылган. Алар Марат Уралиев тууралуу билдирүүлөрүн 25-мартта түштөн кийин чыгарышкан.

“ПолитКлиника” медиасы билдирүүлөрдү жазган аккаунттардын профилдерин анализдеп көрдү.

Лира Календерова аттуу аккаунт Марат Уралиевди “Тажикстандын агенти болушу мүмкүн” деген пост жазып, тайпаларга тараткан. Бул билдирүү 25-мартта саат 16:49да жарыяланган.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)

Марат Уралиевди каралап жазган Лира Календерова буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, жактоочу Канат Хасанов, камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, активист Адилет Балтабай уулу, көз карандысыз маалымат каражаттары, журналисттер жана башкалар тууралуу каршы пикирлерин жазып келгенин көрүүгө болот. Анын профилинде 5 сүрөт бар, бирок биринде дагы анын жүзү көрүнгөн эмес.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)
Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)

Фейсбуктагы дагы бир Илгиз Касымов аттуу аккаунт ошол эле күнү Марат Уралиев тууралуу “кыргызга жакшылыгы жок” деп пост жазган. Анын билдирүүсү 25-мартта саат 18:42де чыккан.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)

Бул аккаунттун профилинин башкы сүрөтүндө карышкырдын сүрөтү турат. Илгиз Касымов аттуу аккаунт дагы жогорудагыдай эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жактоочу Канат Хасановду, камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду, Жеңиш Молдокматовду, активист Адилет Балтабай уулун, көз карандысыз маалымат каражаттарын, журналисттерди каралаган посттор менен бөлүшкөн.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)

Гулнура Эрмекова аттуу Фейсбук колдонуучусу дагы 25-мартта саат 15:55те Марат Уралиевди жамандаган пост жазып, тайпаларга бөлүшкөн. Бул аккаунт дагы Уралиев тууралуу мазмуну жогорудагы аккаунттардын билдирүүсүнө окшош пикирин жазган. 

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)

Эми Гулнура Эрмекованын профилин карап көрөлү. Анын профилинин башкы сүрөтү 2019-жылы В Контакте социалдык тармагындагы “Красивые люди Казахстана” деген аккаунтта жарыяланган. Демек, бул сүрөт Гулнура Эрмекова аттуу аккаунтка тиешеси жок. 

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)
Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)
Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)

Руслан Акылбеков аттуу аккаунт “Марат Уралиев Тажикстандан келип, Кыргызстандан жамандык издеген неме экен” деген постун 25-мартта саат 17:52де тайпаларга бөлүшкөн. 

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)

Бул аккаунттун профилинен так жогорудагылар жамандаган, каралаган адамдар тууралуу каршы пикир жазып келгенин көрүүгө болот. Анын профилиндеги башкы сүрөт Казакстандын meme-arsenal.com сайтынан алынган.

Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)
Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)
Фейсбукта фейк болуу ыктымалдуулугу жогору аккаунттар "Кактустун" журналистин жапырт каралап чыгышты (Фактчекинг)

Жыйынтык: Марат Уралиевди каралаган аккаунттар Фейсбукта бир мазмунда, бир убакта пост жазып, тайпаларга таратышкан. Алар буга чейин дагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жактоочу Канат Хасановду, камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду, Жеңиш Молдокматовду, активист Адилет Балтабай уулун, көз карандысыз маалымат каражаттарын, журналисттерди каралап пост жазышкан. Журналистти бир убакта жамандап жазгандар фейк аккаунт болуу ыктымалдуулугу жогору.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты