Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы

Фейсбук социалдык тармагында, Зебо Таджибаева аттуу тажикстандык журналист, “НАСА” спутнигинин сүрөттөрү менен бөлүшүп, Кыргызстанды биринчи кол салган деп айыптады. “ПолитКлиника” бул маалыматтарды текшерип, манипуляция экендигин аныктады. 

Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы

Чынында, эле өрт 18-сентябрда экени көрүнүп турат, бирок Кыргызстандын айылдары, мындан эки күн мурда, тагыраагы 16-сентябрь күнү өрттөлгөнүн НАСА спутнигинин тасмалары көрсөтүп турат. Экинчиден, тажик журналисти көрсөтүп жаткан  участоктор айылдар эмес, тоо аймагы. Биз бул фактчекингде Тажикстан Кыргызстанга биринчи кол салганын жана Зебо Таджибаеванын манипуляциясын далилдеп беребиз.

Буга чейин, 17-сентябрь күнү Кыргызстандын УКМКсы тажик тарап биздин Чоң Алайдагы “Карамык” чек ара заставасына кол салганын билдиришен. Биздин застава ушул өрт чыккан тоо аймагына жакын жайгашкан. Кыргызстандын чек арачылары кол салууга туруштук берүүдө тоолордо чыккан өрт болушу мүмкүн. Бирок, бул айылдар эмес. Тажикстан Баткенге кол салгандан кийин, 17-сентябрда Чоң Алайдын чек ара пунктары кол сала баштаган. 

Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы

Комментарийде Зебо Таджибаева НАСАнын дагы бир сүрөтүн тиркеп, 16-сентябрь күнү өрт алардын аймагында болгонун айтып жатат. Ошондой эле Ворухта да ошол күнү өрт чыккан күнү менен салыштырууда. Бирок, саатын көргөзгөн эмес. 

Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы

А бирок журналист айтып жаткан “Ворух” аймагында 16-сентябрда өрт байкалган эмес. Чындыгында 16-сентябрь күнү өрт Кыргызстандын “Достук” айылында чыккан.

Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы
«Достук» айылы

Зебо Таджибаева айтып жаткан тажик тараптын “Чоркишлок”, “Сурх” айылдарында, буга чейин биз аныктагандай, өрт 17-сентября саат 02:00-03:00 убакыт аралыгында байкала баштаган. Кыргызстандын УКМКсы 17-сентябрь саат 02:30да Тажикстандын айылдары кийин Кыргызстанды күнөөлөө үчүн үйлөрдү өздөрү өрттөп жатышкандыгын билдирген эле. 

Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы
Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы

Комментарийлерди өзгөрткөн

Зебо Таджибаева Фейсбукка жазган маалыматтарын жана комментарийлерин өзгөрткөн. Муну өзгөртүүлөрдүн тарыхынан байкасак болот. 

Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы
Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы
Фактчекинг: Тажикстандык журналисттин манипуляциясы

Тажикстан биринчи болуп кол салган

“ПолитКлиника” буга чейин Тажикстан биринчи болуп кол салганын иликтөөсүндө далилдеген эле. Анда тажик тарап 16-сентябрь күнү кыргыз айылдарына басып кирип, үйлөрдү өрттөп, мектептерди басып алгандыгын далилдеген. НАСА спутнигинен алынган сүрөттөргө таянсак, өрт 16-сентябрь күнү саат 12:27ден тарта Ак-Сай жана Арка кыргыз айылдарында көрүнө баштаган. Бул видеолор тараган убакыт менен дал келет.

Тажикстандын Кыргызстанга карата агрессиясынын эң негизги далили катары  Тажикстандын расмий өкүлү генерал Шох Искандаровдун атайын даярдыктан өткөн согушкерлер менен Кыргызстандын аймагына кирип, согуштук агрессия жасагандыгын далилдеп бергенбиз.

Жыйынтык: Тажикстандык журналист Зебо Таджибаева өзүнүн постунда маалыматтарды бурмалап, манипуляция жасаган. «НАСАнын» спутниктери биринчи кыргыз айылдары күйгөнүн көргөзүп турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты