Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

  • 2 недели мурун

Ереванда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.

 Атап айтканда мындай документтерге кол коюлду:  

-«Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 2030-жылга чейин өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары жөнүндө» чечим;  

-«Евразия экономикалык биримдигинин товарларынын жалпы биржа (уюшкан) рыногун түзүү концепциясын бекитүү тууралуу» буйрук;  «Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электр энергия рыногунда маалымат алмашуу эрежелерин бекитүү тууралуу» чечим;  

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин 2024 – 2026-жылдарга макулдашылган транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу жөнүндө”;

Жарандык авиация тармагында“Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн айрым маселелери жөнүндө” буйругу;

 «2023-жылга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын которуу жана бөлүштүрүү жөнүндө» буйрук;

 «Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын финансылык-чарбалык ишине аудит жүргүзүү жөнүндө» буйрук;

 “Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө” буйрук; 

 «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук ж.б.

Арменияда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты