Евгения Судец Максим Бакиев, Алексей Ширшов менен байланышы, 1 миллион сом айлык тууралуу суроолорго жооп берди

  • 1 год мурун
Евгения Судец Максим Бакиев, Алексей Ширшов менен байланышы, 1 миллион сом айлык тууралуу суроолорго жооп берди

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец кызматтан кеткенден кийин vb.kg сайтына маек берди. Анда ал бул кызматка аны ким чакырганын, 1 миллион сом айлык, Максим Бакиев, Алексей Ширшов менен тааныштыгы тууралуу суроолорго жооп берди.

Эске салсак, 29-мартта “ПолитКлиника” медиасы «Мегакомду» Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатышат» деген аталыштагы иликтөө чыгарган. Анда аталган компанияны Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар боюнча айтылган. Иликтөөдө компания Евгения Судец жетектеген мекемеге өтөрү, анын жолдошу Владимир Андросиктин Максим Бакиев менен болгон байланышы тууралуу сөз болгон.

«Мени кызматка Акылбек Жапаров чакырган«

Евгения Судец Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчилигине Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун сунушу менен келгенин билдирди. «Биз аны менен жолугушуулардын биринде таанышканбыз. Ал финансы жана инвестиция жаатында эл аралык чоң тажрыйбасы бар адамды издеп жүргөн экен. Мен чоң ийгиликтүү долбоорлор менен иштешкендиктен алар менин талапкерлигимди жактырышты», — деди ал.

1 миллион сом айлык тууралуу

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жанарбек Акаев Евгения Судец өзүнө 1 миллион сом айлык коюп алганын айтып чыккан. Бул боюнча суроого Евгения Судецке төмөндөгүдөй жооп берди.

«Мен жана адистерим Кыргызстанда жарым жылдык эмгегибиз үчүн бир тыйын да алган жокпуз. Мамлекеттик өнүктүрүү банкына бөлүнгөн бардык каражаттар, анын ичинде биздин айлыктар Улуттук банктын эсебинде жатат. Муну ырастоочу Улуттук банктын көчүрмөсү бар», — дейт Судец.

Бакиевдердин үйбүлөсү тууралуу

«Мен бул адамдар кимдер экенин да билбейм. Тарыхтын контекстинде алар тууралуу Кыргызстандан гана уктум. Мен аларды мурда көрүп, уккан да эмесмин. Мени байланыштырып жаткан Максим Бакиев кандай экенин да билбейм. Ал эми жолдошум бул окуяда жабыр тарткан тарап. Анда биз тааныш эмес болчубуз. Жолдошум компаниянын үлүшүнө ээ болуп, аны арзан баага сатууга аргасыз болгон. Натыйжада ал бир топ акчаны жоготуп, пакеттин баары адегенде рейдерлерге, андан кийин мамлекетке кеткен», — дейт ал.

«Алексей Ширшовду тааныйм«

Судец Алексей Ширшов менен тааныш экенин айтты. «Аны менен кайдан таанышканым эсимде жок. Менин жана жолдошумдун аны менен үй-бүлөлүк достугубуз эч качан болгон эмес. Мен анын бул жердеги репутациясы кандай экенин билем. Мен өзүмдүн жылдар бою топтолгон кынтыксыз репутациямды баалайм. Бирөөнүн жаман аброю менен өзүмдүн аброюма шек келтире албайм», — деди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты