Эркин журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрүү болду. Эмне себептен журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпоо керек?

12-июнда эркин журналист Ыдырыс Исаков өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканда кол көтөрүүгө туш болду. Бул тууралуу журналист Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Исаков бул инцидент “Ош” пансионатынын мүлкүн менчиктештирүү боюнча материал жасап жатканда болгонун айтты.

“ПолитКлиника” медиасы окуянын чоо-жайын анализдеп көрдү. 

Мурдагы иликтөөнүн жана шапалактын чоо-жайы

Эркин журналист Ыдырыс Исаков 8-июнь күнү өзүнүн  Ютуб-каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. 

Иликтөөдө 2003-жылы 24 гектар аянты бар “Ош” пансионаты менчиктештирилип, аянты үч гектарга кыскарып кеткени тууралуу айтылат. Ошондой эле пансионаттын ичине түрдүү жеке объекты курулуп, ижара акыларын пансионаттын мурдагы директору Мааткарим Койчукулов ала турганы да белгиленет.  

Эркин журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрүү болду. Эмне себептен журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпоо керек?

Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн пансионаттын мурдагы директору Мааткарим Койчукулов 2003-жылы эс алуу жайына агасынан кийин директор болуп келгенин жана пансионаттын ичиндеги кээ бир жерлерди мыйзамдуу түрдө сатып алганын билдирген.

“Бул жер эс алуу жайы болгонго чейин туристтик база болуп турган. 1990-жылы менчиктештирилип, үйлөр салына баштаган. Мен 2001-жылы үйүм турган жерди мыйзамдуу түрдө сатып алдым. Мыйзам бузуу болгон эмес”, — деп билдирген Койчукулов.

Ыдырыс Исаков материалында мыйзам боюнча кесиптик бирликтердин менчиги жеке менчикке өтпөй турганын белгилеген.

Эркин журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрүү болду. Эмне себептен журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпоо керек?

osoo.kg’нин маалыматына ылайык, “Пансионат Ош” 2023-жылдын 1-майына карата салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ири карызы бар төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген.

Журналисттин ишине болгон тоскоолдук 

Кыргыз Республикасынын “Журналисттин ишин коргоо жөнүндөгү” мыйзамына ылайык,  журналист маалымат таратууга, иликтөө жүргүзүүгө укуктуу. 

Эркин журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрүү болду. Эмне себептен журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпоо керек?

Ошондой эле, аталган мыйзамдын 13-беренесине ылайык, журналисттин ишине тоскоолдук жаратуу мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Эркин журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрүү болду. Эмне себептен журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпоо керек?

Kloop.kg басылмасынын анализине ылайык, Кыргызстанда  журналисттерге кол салуу, кысым көрсөтүү, коркутуу жана журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу боюнча акыркы беш жыл ичинде 75 окуя катталган.

2021-жылдын алгачкы жети айында прокуратурага ЖМК өкүлдөрүнөн тогуз кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен экөө гана иликтенип, калгандары кыскарып кеткен.

Медиаэксперт Алмаз Исманов журналисттерди коргобой, тескерисинче, аларды коркутуп-үркүтүү, аларга карата иш козгоо сөз эркиндигине терс таасирин тийгизе турганын билдирген.

“Биз журналисттик ишмердүүлүктү дискредитациялоонун тынчсыздандырган тенденциясын көрүп жатабыз. Мындан улам сөз эркиндиги боюнча абал начарлап кетиши мүмкүн деген кооптонуу жаралууда. Тилекке каршы, жарандардын баары эле журналисттерге жана массалык маалымат каражаттарына жасалган кол салуулардын артында өздөрүнө карата дагы түздөн-түз коркунуч бар экенин түшүнө бербейт. Коомдо көз карандысыз маалымат каражаттары канчалык аз болсо, ар кандай мыйзам бузуулар, коррупциялык иштер тууралуу маалымат дагы ошончолук аз болот”, — деп белгилеген Исманов. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты