“Эркин-Тоо” мамлекеттик гезити депутат Эрулан Кокуловду бир жактуу каралоо менен журналисттик этиканы бузган (Фактчекинг) 

4-июль күнү “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинде “Замира Мамбетова: Кокулов үч баласы, аялы турса, депутат айымга үйлөнөм деп аракет жасоодо” деген маалымат жарыяланган. Анда Эрулан Кокуловдун “Не сахар” долбоору тууралуу да сөз болот. 

“Эркин-Тоо” мамлекеттик гезити депутат Эрулан Кокуловду бир жактуу каралоо менен журналисттик этиканы бузган (Фактчекинг) 

“ПолитКлиника” медиасы “Эркин-Тоо” гезитине чыккан материалды анализдеп көрдү. 

Эски сүрөттөр жана бир жактуу каралоо

Эрулан Кокулов тууралуу билдирүүнү 3-июль күнү Замира Мамбетова жазып чыккан. 

“Эркин-Тоо” мамлекеттик гезити депутат Эрулан Кокуловду бир жактуу каралоо менен журналисттик этиканы бузган (Фактчекинг) 

Билдирүүдө, 7-чакырылыштын депутаты Эрулан Кокулов эки батири бар экенине карабай, депутат Марлен Маматалиев менен мурдагы депутат Нурбек Тотоновду “Не Сахар” долбооруна чыгаруу менен коркутуп, дагы батир алууга аракет кылып жатканы айтылат. Мындан сырткары Эрулан Кокуловдун үч баласы жана жубайы болсо да башка депутат айымга үйлөнүүгө камынып жатканы айтылат. Далил катары Мамбетова Эрулан Кокуловдун эски сүрөттөрүн көрсөтүп, бирок сөздөрүн далилдөөчү бир да шилтеме берген эмес. 

Интернет булактарындагы маалыматка ылайык, Замира Мамбетова “Кыргызстандын аялдары” уюмун жетектейт. Мындан сырткары 2019-2021-жылдары билим берүү тармагындагы маселелер боюнча пресс-конференцияларды уюштурган. 

“Эркин-Тоо” гезити бир күндөн кийин, Замира Мамбетованын билдирүүсүн толугу менен көчүрүп берген. Материалда кетирилген каталар оңдолбой берилгенин байкоого болот. 

“Эркин-Тоо” мамлекеттик гезити депутат Эрулан Кокуловду бир жактуу каралоо менен журналисттик этиканы бузган (Фактчекинг) 

Билдирүүдө “Не сахар” долбоору тууралуу да негативдүү маанайда сөз болгон.

Белгилей кетсек, Эрулан Кокулов 2018-жылы “Не сахар” программасын алып бара баштаган. Ал ишмердүүлүгү учурунда эркин журналист катары тамактануучу жайлардагы антисанитардык жагдайларды жана мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын сатылышы боюнча бир канча чуулгандуу видеолорду тарткан. Андан кийин 2021-жылы Кокулов депутат болуп шайлангандан кийин “Не сахар” долбоорун Умар Даданов алып бара баштаган. 

“Эркин-Тоо” гезити журналисттик этиканы бузган

“Эркин-Тоо” гезитинде Эрулан Кокулов жөнүндө жарыяланган материал көп өтпөй өчүрүлгөн. 

Далилсиз жана бир жактуу каралоону жарыялаганы үчүн мамлекеттик гезит журналистиканын бир канча этикасын бузган. 

Атап айтканда, 2022-жылы жаңыланган этикалык кодекстин төрт пункту бузулган.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик гезити депутат Эрулан Кокуловду бир жактуу каралоо менен журналисттик этиканы бузган (Фактчекинг) 
  1. Журналист эч кандай шартта билип туруп жалган маалымат таратпайт. Эгерде ал чындыкка дал келбесе жана ушул Кодекстин нормаларын бузса, журналист бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен бардык таралган маалыматты оңдоого милдеттүү. (8-берене) 
  1. Фактылар, пикирлер жана божомолдор бири-биринен так ажыратылышы керек. (10-берене) 
  1. Журналист ар бир адамдын жана жарандын жеке жашоосун сыйлайт. Жеке жашоого кийлигишүү материалдын каарманынын аракеттери коомдук мааниге ээ болгон же коомдук кызыкчылык туудурган учурларда гана мүмкүн болот. Мындай материалдарды жарыялоонун алдында журналист үчүнчү жактардын укугу бузулабы же жокпу, ошону текшерүүсү керек. (11-берене) 
  1. Журналист өзүнүн материалдарында басылмаларды, социалдык тармактардагы комментарийлерди колдонууда алардын аныктыгына ынанышы керек. Коомдук ишмерлердин жарыялары жана комментарийлери текшерилген аккаунттардан гана колдонулушу мүмкүн. (24-берене) 

Белгилей кетсек, буга чейин “Кыргыз туусу” мамлекеттик гезити да Бейөкмөт уюмдар тууралуу бир жактуу материал жазып, этикалык кодекстин нормаларын бузган. 

“Эркин-Тоо” гезитине бюджеттен 500 миңге чейин акча бөлүнөт

Factcheck.kg сайты 2021-жылы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, мамлекеттик ЖМКларга күн сайын 1,5 миллион сом сарпталат. Алардын ичинен бир жыл ичинде “Эркин-Тоо” гезитине 481 миң сом коротулган. 

Кыргызстандагы алгачкы “Эркин-Тоо” гезити мамлекеттик мааниге ээ. Дайыма мыйзамдар жана токтомдор дал ушул гезитке жарыяланып, официалдуу болуп саналат. 

Жыйынтык: “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезити далилсиз жана бир жактуу маалыматты жарыялоо менен журналистиканын этикалык кодексин бузганы чындык.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты