Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына 32 иш козголду

  • 2 года мурун

Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде  32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 млн 54 миң 197 сомду түздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 млн 150 миң 218 сом өндүрүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган министрликте жана анын түзүмдүк уюмдарында Кыргызстандын  мыйзамдары, президентинин жарлыктары жана Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин талаптары бузулгандыгы аныкталган.

«Мындан сырткары  аталган  министрликтин борбордук аппаратынын, «Наценергохолдинг» ААКсынын, «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишкананын кызматкерлерине эмгек акыларга кошумча үстөктөрдү, иш сапар чыгымдарын мыйзамсыз төлөнгөндүгү, отун ресурстарын сатып алуулар жана башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, Доскул Бекмурзаев 2021-жылы Мамлекеттик салык кызматына тапшырган декларациясында атайын айрым кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилип, Таалайбек Ибраев министрдин милдетин аткарат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты