Энергетика министрлиги: Эки саат ичинде электр энергиясы толук калыбына келтирилет

  • 3 года мурун

Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчедеги аварияга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат берди.

“Учурда Кыргызстанда жарым-жартылай электр энергиясы берилип, калган аймактарды электр энергиясы менен камсыздоо аракети жүрүп жатат. Азырынча авария эмнеден улам болгону тактала элек. Шакекчеге кирген кошуна өлкөлөр менен чогуу иштешип жатабыз. Биз пайдаланып жаткан бирдиктүү энергетика системасында мындай абал биринчи жолу жаралды” деди энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Министр Кыргызстанда эки сааттын ичинде электр энергиясы толук калыбына келтирилерин айтты. Министр билдиргендей, өлкөдө электр энергиясынын 60дай пайызы калыбына келтирилди. Ал эми жылуулук берүү да бир канча сааттардан кийин өз нугуна түшөт.

Доскул Бекмурзаев Борбор Азиянын энергия шакекчеси үзгүлтүккө учураганы абалы тарыхта биринчи ирет болуп жатканын белгиледи.

Азыр ар бир мамлекет электр энергияны өз алдынча калыбына келтирүүдө. Ал эми ал мамлекеттердин баары кайра борборазиялык бирдиктүү энергетикалык шакекчеге кайрадан кошулат.

Кыргызстан электр энергиясын “Датка-Кемин” подстанциясынын эсебинен калыбына келтирилүүдө.

Бүгүн, 25-январда,  күндүзгү саат 12лер чамасында Кыргызстандын аймагында жарык өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор азиялык энергетикалык шакекчедеги авариядан улам өчкөнүн билдирди.

Кыргызстан боюнча электр жарыгы калыбына келтириле баштады.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты