Эмгек министрлиги Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга эки боз үй берди

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга эки боз үй берди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери түрк элине жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которгону айтылат.

Белгилей кетсек, Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат топтоо үчүн Кыргызстанда бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган жана өлкөнүн ар бир аймагында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары уюштурулган.

Эске сала кетсек, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

10-январга катара Түркияда зилзалада каза болгондордун саны 18 миңден ашканы маалым болду. 74 242 киши жабыркап, 6444 имарат талкаланды.

Reuters кабарлагандай, коңшу Сирияда өлгөндөрдүн саны 3480 кишини түздү. Сириянын мамлекеттик басылмалары билдиргендей, 298 миң киши үй-жайсыз калды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты